Тоо

Википедия дан
К2 (Чогори, 8611 m).

Тоо - деңиз деңгээлинен миңдеген метрге көтөрүлүп, өтө тилмеленген, жер кыртышы бүктөлүү жана келки-бүктөлүү структурасы менен айырмаланган жер бетинин зор бөлүгү.

Кыргыздар тоолорду өлчөмүнө, бийиктигине жана түзүлүшүнө жараша кырка тоо, ала тоо, теңир тоо, опол тоо, токол тоо деп аташкан. Жер бети боюнча жүздөгөн, миңдеген километрге созулуп, туурасы да жүздөгөн километрге жетет. Мис., Теңир-Тоонун уз. 4200 кмден ашык, туурасы 300-450 кмге жакын, бийиктиги 7439 мге жетет (Жеңиш чокусу). Дүйнөдөгү эң узун тоо - Анд (9000 км), эң бийик тоо Гималай (Жомолунгма чокусу 8848 м). Тоолор өлчөмүнө, түзүлүшүнө, пайда болгон жашына жараша - тоо кырчоосуна, тоо системасына (генезиси жана геол. өнүгүү тарыхы жалпы бир болгон кырка тоолордун жыйындысы, мис., Чоң Кавказ, Урал ж. б. тоолор), тоо өлкөсүнө, кырка тоолорго бөлүнөт. Алар бири-биринен тоо аралык ойдуңдар, өрөөндөр менен бөлүнүп турат. Пайда болушу боюнча шарттуу түрдө төмөнкүлөргө ажыратылат: тектоникалык тоолор - бүктөлүү же бүктөлүү-келки структуралуу келип, бир нече километр бийиктикке көтөрүлүп, рельефти пайда кылуучу түрдүү процесстери жана терең тилмеленүүсү менен өзгөчөлөнөт; эрозиялык тоолор - үстүнкү бети плато сымал, горизонталдык геол. структурадагы, кийинки тектон. (неотектон.) көтөрүлүүлөргө дуушарланган, дарыялардын жана убактылуу аккан агын суулардын өрөөндөрү менен тилмеленген тоолор; жанар тоо тоолору - жанар тоо конустары, бийик көтөрүлгөн лава катмарлары ж. б. Тоо рельефинин негизги элементтери: тоо чокулары, кырлары, байыркы түздүктөрдүн калдыктары (тайпаң жондор), тоо капталдары, дарыя өрөөндөрү.

Тоолуу аймакта болуучу маанилүү экзогендик процесстер: үбөлөнүү, эрозия, нивация, мөңгү процесстери, материалдардын каптал боюнча оошуусу ж. б. Жеринин бетинин түзүлүшү боюнча бийик тоо, орто бийик тоо, жапыз тоо рельефтерине ажырайт. Тоолуу аймактардагы ландшафттын негизги закон ченемдүүлүгү - бийиктик алкактуулук (бийиктик зоналуулук). «Тоо» термини Орто жана Борбордук Азия, Казакстан, Башкыртстан, Дагстан, Алтай, Түштүк Сибирь ж. б. жерлерде, башкача айтканда Балкандан Таймырга чейин тау, таг, даг, туу түрүндө кеңири таралган. Көптөгөн геогр. аттардын курамына кирет; мис., Каратоо, Тескей Ала-Тоо, Иле Ала-Тоосу, Керметоо, Күмүштак, Алтындаг ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2