Дарыя өрөөнү
Көрүнүш
Дарыя өрөөнү, суу өрөөнү дарыя суусунун жемиришинен улам пайда болгон рельефтин формасы. Өрөөн дарыя аккан багыт боюнча (башатынан чатына чейин) узунунан созулуп жатат. Андай өрөөндөр дарыянын нугун, жайылмасын, тектирлерин жана жээктерин камтыйт. Дарыя өрөөндөрү айыл чарба эгиндерин өстүрүүгө пайдаланылат; анда калктуу пункттар да болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5