Өрөөн

Wikipedia дан

Өрөөн - агын суулар жууп, жеп кетишинен пайда болгон рельефтин оёң формасы.

Өрөөндүн алгачкы формалары (коо-колот, аң ж. б.) мезгилдүү агын суулардын аракетинен жаралат. Мындай формалар суунун жемиришинен биригип, көл дарыяларга куймайынча чоңоё берет. Өрөөндүн чулу тоо тектерден турган капталдары бийик же жапыз, тик же жаңтайыңкы; туурасынан (профили) — кайкы, түз, томпок же тепкичтүү (тектирлүү) болот. Өрөөндүн туурасынан кесилген профили өөрчүү стадиясына, геол. түзулүшүнө, экзогендик күчтөргө ж. б. факторлорго байланыштуу каньон, капчыгай. V жанa U, трапеция, тепши түрлөрүндө болот. Төмөн ийилген геол. структураларда (грабенде, синклиналь кайкыларында) пайда болгон оёң жерлер тектоникалык Өрөөндөр деп аталат, мис., мындай Өрөөндөргө Кыргызстан- дагы Алай, Арпа ж. б., Түн. Америкадагы Калифорния Өрөөндөрү кирет.

Кырка тоолордун жанa пласттардын багытына жараша жатса, узунунан кеткен Өрөөн бүктөлүү огуна перпендикуляр жайгашса, туу­расынан кеткен Өрөөн деп аталат. Узунунан кеткен Өрөөндөр жазы келип, морфологиялык жактан анча өзгөрбөйт. Туурасынан кеткен Өрөөндөрдө, тескерисинче, кууш капчытайлар жана ойдуң сымал жайык жерлер көп. Тоону туурасынан кесип өткөн Өрөөн өтмө өрөөн деп аталат.

Өрөөн морфол. жактан тоо Өрөөнү жанa түздүк Өрөөнү болуп бөлүнөт. Too Өрөөндөр терең, тар, капталдары тик, түздүк Өрөөндөр жазы, анча терең змее, капталдары жантайыңкы болот. Ири дарыя Өрөөндөрү өзгөчө ландшафтка ээ. Жайылмалары чабынды, тектирлери айдоо аянты жанa калк отурукташуу үчүн пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.