Ландшафт

Википедия дан
Ландшафт.

Ландшафт (нем. Land – жер, schaft – өз ара байланыш), географиялык ландшафт – географиянын фундаменталдуу түшүнүктүрүнүн бири: бирдей шартта пайда болуп, географиялык компоненттери (рельеф, климат, топурак-өсүмдүктөрү жана башка) окшош болгон Жер бетинин бөлүгү; аны түзгөн морфологиялык бирдиктердин (фация, урочище) мыйзам ченемдүү айкалышы. Бул терминдин 1-илимий аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Андан соң 20- кылымдын 30–40-ж. Л. Г. Раменский, В. Б. Сочава жана башка орус окумуштуулары өөрчүткөн. Термин илимге киргенден көп түрдүү өзгөрүп, негизинен, табигый аймактык комплекстин синоними, морфологиялык жана функциялык өзгөчөлүктөрү окшош табигый участкалардын (тайга ландшафты, талаа ландшафты, шаар ландшафты жана башка) жалпылыгы же пейзаж катары кеңири колдонулуп келет. Табигый ландшафттардын терең өзгөрүүсү маданий жана антропогендик ландшафттын калыптануусуна алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7