Орто бийик тоолор

Википедия дан
Ай-Петри чокусу (1233 м, Крым тоолору).

Орто бийик тоолор – салыштырма бийиктиги 600–2000 м, абсолюттук бийиктиги 3000 мден ашпаган (башкача айтканда кар чегинен жогору көтөрүлбөгөн) тоолор (мисалы, Карпат тоолору, Аппалачи, Түштүк Урал, Крым тоолору). Чокулары жана кырлары тайпак, капталдары тик эмес, өрөөндөрү тайыз, көп учурда кенен келет. Рельефин негизинен эрозиялык процесстер пайда кылат. Кыргызстанда орто бийик тоолор көбүнчө бийик тоолорго жарыш созулуп жатат.

Бул рельефке кырка тоолордун чокулары жылмаланьш, элювий жана үбөлөнүү процессинин кеңири таралышы мүнөздүү. Мындай тоолор негизинен кар чегинен өйдө кетөрүлбөйт, ошондуктан тоо-мөңгү рельефи байкалбайт.

Орто бийик тоо рельефи Түштүк Уралда, Крым тоолорунда ж. б. жерлерде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.