Крым тоолору
Крым тоолору, Таврия тоолору ― Крым жарым аралынын түштүгүндө. Узундугу 150 км, туурасы 50 кмге чейин. Кара деңизди жээктей бири-бирине жарыш созулуп жаткан 3 жалчадан турат: Башкы (түштүк) жалча – Яйла (эң бийик жери 1545 мге чейин, Роман-Кош чокусу) жана түштүктү карай тик түшкөн куэста тибиндеги 2 жалча – Ички (ортонку) жалча, бийиктиги 750 мге чейин жана Сырткы (түндүк) жалча, бийиктиги 350 мге чейин. Кырым тоолору жер ортолук деңиз кырчоосунун альп бүктөлүү облусундагы эпигеосинклиналдык, бир аз бөлүгү эпиплатформалык тоолорго кирет. Жалчалардын тамандары, тоо этектери жана Кырымдын түштүк жээги (Феодосия жана Судак туштагы бөлүгүнөн башкасы) кумдук кабатчалары бар чополуу сланец, тоо капталдары чопо жана кумдук кыртышынан, Яйланын үстү негизинен акиташ тектеринен түзүлгөн. Яйлага рельефтин карсттык формалары – чуңкур жерлер, үңкүрлөр (Кызыл үңкүр ж. б.) мүнөздүү. Магма тектери лакколит (Аюудаг тоосу) жана бузулган жанар тоо массиви (Карадаг) түрүндө жер бетине чыгып жаткан аймактар да кездешет. Курулуш материалдарынын (акиташ, шагыл, туф, диабаз ж. б.), асыл таштардын (Карадагда) кендери, минералдуу булактар («Феодосия», «Кырым нарзаны») бар. Капталдарында ксерофилдүү жапыз өскөн арча-эмен токою (антропогендик процесстердин таасиринен) шибляк, фригана тибиндеги бадалдар менен аралаш өсөт. Яйла чокуларында таштуу тоо шалбаасы жана шалбаалуу талаа мүнөздүү карст ландшафты басымдуулук кылат. Башкы жалчанын капталдарында Кырым корук-аңчылык чарбасы, Ялта коругу, Карадаг коругу, Мартьян тумшугу коругу бар.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9