Кой

Википедия дан
Кой.

Кой (лат. Ovis aries) — ача туяктуулар түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы кепшөөчү мал. 8 миң жылдай илгери колго үйрөтүлгөн жапайы тоо коюнан (муфлон менен аркардан) чыккан. Чоң койдун 32 тиши (үстүнкү жана астыңкы жаагында 12ден азуу тиштери, астыңкы жаагында дагы 8 майда тиши) бар. Койдун бийиктиги 55-100, узундугу 60-110 см. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 60-180, соолугунуку 30-100 кг. Койдун көпчүлүгүнүн кочкору чагарак мүйүздүү, соолугу токол же кыска мүйүздүү, өңү кара, кызыл, боз, көпчүлүгү ак болот. Уяң жана чала уяң жүндүү койлор көбүнчө ак болот. Кой 14-15 жыл жашап, соолугу 14-18 айлыгында жетилип, 145-155 күн көтөрүп, көбүнчө жалкы, кээси эгиз (3 эм туугандары да болот), ал эми роман кою 5ке чейин козу тууйт. Ар жүз тубар соолуктан 100-120 (роман коюнан 200-250) козу алынат. Жаңы туулган козунун салмагы 3-5 кг. 4 жашка чейин чоңоёт. Уяң жүндүү койдун жүнүнүн узундугу 5-9 см, чала уяң жүндүүнүкү 40 смге чейин, кылчык жүндүүсүнүкү 10-15 см. Уяң жүндүү койдон жылына 8-10 кг (эң көбү 31,7 кгга жеткен), чала уяң жүндүүсүнөн 3-6 кг, кылчык жүндүүсүнөн 1-4 кг жүн кыркылып алынат (к. Жүн). 5-7 айлык козунун союлгандагы салмагы 18-22 кг. Соолугу байыганга чейин 50-200 кг, кээ бир породаларыныкы 1000 кгга чейин [мисалы, остфрисланд породасынын соолугу (Нидерланд)] сүт берет. Койдун негизги тоюту: табигый жана эгилме жайыт чөбү, саман, силос, жем жана башкалар кой эрте жаздан кеч күзгө чейин, ал эми кар аз түшкөн жылуу аймакта жыл бою жайытта багылат. Ар кандай шартка (ысык, суук, бийиктик жана башкалар) байымдуу. Кой бардык өлкөлөрдө багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]