Жумуртка

Википедия дан
Түрдүү канаттуулардын жана башка жаныбарлардын жумурткалары.

Жумуртка, же ооцит - негизинен жумуртка клеткасы же жаныбарлардын түйүлдүгүнүн формасы. Жумуртка клеткаларынын өлчөмү бири биринен кыйла өзгөрүп турат: чычкандын жумурка клеткасы болжол менне 0,06 мм, ал эми африка страусунун жумурткасынын диаметри 15-18 см жетет. Жумурткалар негизинен шар же сүйрү формада кездешишет, бирок ар бир жаныбардыкы ар түрдүү болот, мисалы курт-кумурскалардыкы, миксин жана кээ бир балыктардыкы узун ичке формада болот. Жумрурткалардын өлчөмү жанабашка белгилери, андагы азык заттардын курамына жана санына жараша болот. Андыктан жумурткаларды сарысына жараша түрлөргө бөлүп коюшат. Оология - зоологиянын бир бөлүгү, жаныбарлардын, алардын ичинен канаттуулардын жумурткаларын изилдөөчү илим.

Канаттуулардын жумурткалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

кара кучкачтын жумурткалары.
чардактын жумурткалары.

Бардык канаттуулардын ургаачылары жумуркалашат. Алардын ар биринин жумуркасы бири биринен айырмаланып турат, бул болсо, алардын жашоо өзгөчөлүгүнө, азыктанышына жараша болот. Жерге салынган чуңкурча уяларга жумуркалоочу канаттуулардын жумуркалары көбүнчө тоголок формада болот. Ал эми аска зоолордун боорлоруна уялоочу канаттуулардын жумуркалары мүйрү келишет.

Негизинен канаттуунун өлчөму канчалык чөң болсо, алардын жумуркасы да салыштырмалуу чоң болот. Бирок бул баардык канаттууларга тиешелүү эмес. Балапандары жумурткадан чыгып, өз алдынча басып азык зат таап жээчү канаттуулардын жумуркалары, уяда чоңойгон балапандардын жумуркаларына салыштырмалуу чоң болушат. Эң ири жумурка бул африкалык страустун жумурткасы. Бирок ал жумуртканы страустун көлөмунө жана салмагына салыштыруу менен карасак, жумуртка канаттунун 1 % гана өлчөмүнө туура келет. Ал эми кичинекей канаттуу болгон калибринин жумуркасы, өзүнүн массасынын 6% түзөт. Аска тоо кыркаларда уялаган канаттуулардын жумуркаларында "кабырга" бар дер окумуштуулар айтып келишет, жумуртканын "кабыргалуу" жери болжол менен 40 кг/см² басымды көтөрө алат, ал жми "кабырга" жок жери 2 кг/см².

Страустун жумурткасы.

Жумурканын сырты бодуракай же жылмакай, жалтырак же калтырак жана түрдүү түстө болот. Кээ бир түрлөрдүкү жумуркасы чаар болот, же кандаайдыр бир кооз оймолуу келишет. Жогоруда айтылгандай жумуркалардын түсү, канаттуулардын жашоо чөйрөсүнө, азык затына жараша болот. Ошондой эле жашыруун жумурткалаган канаттуулардын жана үй тоокторунун жумуркалары көбүнчө ак болушат. Ал эми ачык жерде жумуркалаган канаттуулардын жумуркаларынын түстөрү, алардын жашаган чөйрөгө жараша, мисалы өсүмдүктүү жай болсо жашыл тактуу же таштактуу болсо сары, кээде кызыл тактуу келишет. Ал эми генетикалык жактан, жумуркалардын түсү, канаттуунан жыныстык каналынан өзгөрүп баштайт.

Жумурткалоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумурткалоо - бул көбөйүү ыкмасы, түйүлдүктүн энесинин организминен сырткары өөрчүп, жумурка кабынан чыккан учур. Ургаачы канаттуу негизинен жумурткалоо бүткөнгө чейин күн сайын бир жумурткадан жумуркалайт. Жумуркалоонун саны болжол менен 1-15 жумуркага чейин болот. Ошондой жле ал, аба-ырайына жана канаттуунун азыктанышына жараша болот.

Жумуртканын тузүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Канаттуулардын жумуркасынын түзүлүшү анын түздөн түз пайдалануусуна туура келет, башкача айтканда, жумуркадагы бардык компоненттер жаңы организдин жаралышына керектелет. Түйүлдүктун азыктануусун жумуртканын сарысы камсыздайт. Сарысынын эки түрү бар - ак жана сары. Жумурка сарысы ветилин мембранасынан турат да, сыртынан белок менен капталган. Жумурканын ички түзүлүшү ички жана сырткы кап менен капталып турат. Сырткы түзүлүшүнун курамында кальций карбонаты бар. Жумуркалоо буткөндөн соң, жумуртканын томпок жеринде аба камерасы пайда болот.

  • 1. Сырткы кабы
  • 2, 3. Сырткы кабынын астындагы чел кабы
  • 4, 13. Аркан (халаза)
  • 5, 6, 12. Белок
  • 7. Сарысынын чел кабы
  • 8, 10, 11. Сарысы
  • 9. Түйүлдүк диски
  • 14. Аба камерасы
  • 15. Кутикула


Башка жаныбарлардын жумурткалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курт-кумурскалардын жумурткалары, сүрөттө Opodiphthera eucalypti.

Салыштырмалуу курт-кумурскалар жумуркаларын сырткы чөйрөгө жумуркалашат, бирок "тирүүлөй" туугандарды да кезиктирүүгө болот. Курт-кумурскалардын жумуркалары ири жана жумурка сарысына бай келишет. Ичиндеги түйүлдүк убакыттын өтүшү менен чоңойгон сайын, тоголок формасындагы жумуртка бара бара сүйрү формасына айланат. Көпөлөктөрдүн жана кээ бир бүргөлөрдүн жумуркалары тоголок формадан сүйрү формага өтүп, түйүлдүк жетилгенде кайрадан тоголок формага өтөт.

Курт-кумурскалардын жумуркалары формасы жагынан да, түсүнө жараша да жана өлчөмүнө жараша көп түрдүү келишет. Алардын ичинен эң ирилеринин узундугу 15 мм, ал жми эң кичинекейлери 0,05 мм түзүшөт. Өлчөмдөрү ургаасынын денесинин 1,35 - 70% түзүшөт. Ткрмиттер жумуркасын тили менен жалап олтурушуп, шилекейинде кездешкен азык заттарынын эсебинен жумуркаларынын өөрчүшү менне өлчөмү 3-4 эсеге чоңоюшат.

Жумурка фазасында курт-кумурскалар бир нече күндөн (чымындар) 2-3 жумага чейин өөрчүшөт. Ал эми күзүндө жумурткалоочу курт-кумурскалардын түйүлдүктөрүнүн өөрчүшү 6-9 айга барабар. курт-кумурскалардын жумуркаларынын сырткы чел кабы- хорион деп аталат, ал аба камералары бар эки катмардан турат. Кээ бир учурда гана хориондун кабынын астында кошумча кутикула пайда болот. Көпчүлүк курт-кумурскалардын жумуркалары сууну жоготуудан жакшы сакталышкан. Кык чымындары жумуркаларын жаныбарлардын кыгына жумуркалашып, жумуркага аба барып турушу үчүн, кыкка атайлап түтүк сымал аба жолун салышат.

Балыктардын, моллюсктардын жана тери ийнелүүлөрдүн жумурткалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ласостун икрасы.

Балыктардын жумуркалары икра деп аталат. Түрлөрү:

  • Суу түбүнө ташталган илээшкек эмес икра;
  • Таштарга, суу өсүмдүктөрүнө илээшкен икра;
  • Аккан же суу үстүндө калкыган икра.

Көпчүлүк балыктардын икраларынын формасы тоголок болот, ал эми кээ бирөөлөрдүкү сүйрү, мисалы, анчоустардыкы эллипс түрүндө кездешет. Тукум бере турбаган икраларды азык катары пайдаланышат, көбүнчө аларды чийки түрүндө жээшет. Адамдар тарабынан деңиз кирпи чечендин жумуркасы (икрасы) гана пайдаланылат.

Сойлоп жүрүүчүлөрдүн жумурткалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сойлоп жүрүүчүлөрдүн өөрчүшү көбүнчө жумуркада жүрөт. Булардын жумуркалары канаттуулардыкына окшош келишип, белокко оролгон жумурка сарысынан туруп, сыртынан чел кап менен капталган. Жумурканын өөрчүшү жумуркалоого чейин организмдин ичинде башталат.

Күрөң баканын икрасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

кур баканын икрасы.

Жерде сууда жашоочулардын жумуркалары сууда гана өөрчүшүшөт, анткени кургап калбоосу зарыл. Сырткы чөйрөдөн түйүлдүк баардык микроэлементтерди алышат.

Сүт эмүүчүлөрдүн жумурткалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаныбарлардын ичинен примитивдүү гана өкүлдөрү жумурткалашат.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жумуртка жээгендик боюнча дүйнөдө алдыда турган өлкө — Мексика. Бир жаранга суткасына бир жумурка туура келет.
  • Жумуртка — Православдардвн Пасха майрамынын символу.
  • Ким биринчи— Тоок же жумурка?
  • Кытайда жасалма жумуртка өндүрүшкө коюлган

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Портал:Биология