Бостери
(Бостери, Ысык-Көл району барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Бостери
Бостери
|
Бостери, Долоноту Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Бостери айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпоната шаарынан 7 км чыгыш тарапта, Балыкчы темиржол бекетинен 88 км. 1931-ж. отурукташкан. Калкы 7415 (2009); негизинен дыйканчылыкта, курорт, санаторий жана пансионаттарда эмгектенет. Орто мектеп, 2 балабакча, үй бүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, клуб, китепкана, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакка жакын пансионат, курорт, санаторийлер жайгашкан. Кыштакта академик А. Мамытов, жазуучу К. Акматов туулган.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы - 7 415 киши.[1]
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4