Мазмунга өтүү

Темир (айыл)

Википедия — ачык энциклопедия
("Темир, Ысык-Көл району‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Темир
РайонКыргызстан
Координаттар42°42′21″ с. ш. 77°25′01″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы4 849[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Почта индекси722120[2]
Темир (айыл) (Кыргызстан)

Темир (кырг. Темир) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Темир айыл округу составына кирет. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1629 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 104 км. Орто мектеп, китепкана, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры М. Жумадылова, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж. Сейдакматова туулган. Кыштак белгилүү саякатчы, улама, орусча окуган, күңгөйдө элди отурукташтырууга активдүү катышкан, дыйканчылыкка өтүүнү уюштурган, ишмер Темир Усуп уулунун ысмынан аталган.

Калкы 4 849 киши (2021)[1], негизинен мал асырап, дыйканчылык кылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]