Айдаркен
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Айдаркен
|
Айдаркен — Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар. Ал Айдаркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганына байланыштуу 1942-жылы отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңгээлинен 1980 м бийиктикте, Кызыл-Кыя - Баткен унаа жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км түштүк-батыш, облустун борбору Баткен шаарынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта.
«Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде), музыкалык мектеп, 4 китепкана, оорукана, медициналык үй-бүлө борбору, дарыкана, маданият үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 10 331 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Кыргызстандагы шаарлар | ||
---|---|---|
Борбор | Бишкек | |
Мамлекеттик деңгээлдеги шаарлар | Бишкек • Ош | |
Облустук деңгээлдеги шаарлар | Балыкчы • Баткен • Жалал-Абад • Каракол • Кара-Көл • Кызыл-Кыя • Майлуу-Суу • Нарын • Сүлүктү • Талас • Таш-Көмүр • Токмок | |
Райондук деңгээлдеги шаарлар | Айдаркен • Базар-Коргон • Кадамжай • Кайыңды • Кант • Кара-Балта • Кара-Суу • Кемин • Кербен • Көк-Жаңгак • Кочкор-Ата • Ноокат • Орловка • Өзгөн • Раззаков • Токтогул • Чолпон-Ата • Шамалды-Сай • Шопоков | |
Курулуп жаткан шаарлар | Асман | |
Мурдагы шаарлар | Ак-Суу |