Мазмунга өтүү

Кызыл-Кыя

Википедия — ачык энциклопедия
("Кызыл-Кыя шаары‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Кызыл-Кыя
Герб
Герб
ӨлкөКыргызстан
ОблусБаткен облусу
Координаттар40°15′14″ с. ш. 72°07′57″ в. д.HGЯO
МэрЭрмекбай Топчубаев
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1898
Аянты55 км²
Борборунун бийиктиги1058 м
Климатынын түрүкескин континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы64 100 адам (2025)
Жыштыгы800 адам/км²
Агломерация60 000
Улуттук курамыКыргыздар — 67,8%

Өзбектер — 18,9%
Тажиктер — 4,7%
Орустар — 3,8%

Диний курамыМусулмандар, Христяндар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 (3657)
Почта индекси720300
Автоунаа кодуA,03
Кызыл-Кыя (Кыргызстан)

Кызыл-Кыя — Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан шаар.

Кызыл-Кыяга шаар макамы 1938-жылы берилген.

2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 64 100 адамды түзгөн[1].

Кызыл-Кыя Баткен облусунун аймагында, Кичи-Алай кырка тоолорунун этегинде, деңиз деңгээлинен 918 метр бийиктикте орун алган. Шаардын аянты — 0,02 миң чарчы км.

1901-жылы шаарга темир жолу салынган. Шаар Кыргызстандагы көмүр казуучу эски борборлордун бири болуп саналат. Дүң продукциянын 55 пайызга жакыны көмүр өндүрүүдөн түшөт. Совет мезгилинде жеңил өнөр жай, тамак-аш, эт-сүт ишканалары өнүккөн.

Кызыл-Кыяда төмөнкү ишканалар жана мекемелер иштеп келет:

  • шахта башкармасы
  • "Алай" аскердик техника заводу
  • бут кийим тигүү фабрикасы
  • сүт заводу
  • тамеки ферменттөө заводу
  • электр механикалык ишканалар
  • курулуш материалдар комбинаты
  • цемент заводу
  • консервация заводу

Социалдык жана билим берүү тармагында төмөнкү мекемелер бар:

  • жогорку окуу жай
  • бала бакчалар
  • 2 кесиптик окуу жай
  • тоо-кен кесиптик техникалык окуу жайы
  • шаардык оорукана
  • шаардык маданият үйү
  • эс алуу паркы
  • музей
  • басмакана
  1. 2025-жылдын 1 январына карата Кыргыз Республикасынын калкынын саны. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2025.