Майдан, Кадамжай району
Jump to navigation
Jump to search
Майдан, Кадамжай району – Баткен областынын Кадамжай районундагы кыштак. Майдан айыл округуна караштуу. Ош – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун жана Исфайрам суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 60 км түштүк-чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол станциясынан 28 км. Калкы 1843 (2009); негизинен мал багат, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана бар.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7