Чаувай (Кадамжай району, Чаувай айыл аймагы)

Википедия дан
Чаувай
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1947

Мурунку аталышы

Чаувай шаарчасы

Калкы
Расмий тили

Кыргыз

Калкынын саны

2 051 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

кыргыздар, түрктөр, орустар

Диний курамы

мусулмандар 98,5%

Этнохроним

чаувайчы, чаувайлык

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

ЧаувайКыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Өзүнөн гана турган Чаувай айыл аймагына кирет.

1947―2012-жылдары шаар тибиндеги посёлок макамын ээлеген.

Айылда

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 2 051 киши[1].

Азыркы учурда айылдын социалдык абалы ото начар, жумушсуздуктун айынан жаштар Орусия, Казахстан жана башка жакын жайгашкан чет өлкөлөргө чыгып кетишкен.

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаувай деп аталып калышынын бир вариантында мынтип айтылат: Илгери бул айылга баскынчылар келип, жашоочуларын кул кылып иштетишкен пикир бар. Баскынчылар "Чау" деп камчы менен чапканда, жанынын ооруганынан "Вай" деп жиберишкен экен...

"Чындыгында Чаувай деген сөз кытай тилинден келген алгач кытайлар карамагында турган жер болгон. Ошол мезгилдеги аталышы "Чунай", сөздөн бузулуп олтуруп "Чавай" аталып, кийин СССР учурунда кагаз бетеринде "Чаувай" деп жазыла баштаган. "Чунай" деген термин биздин тилде "Узун-сай" деген маанини туюндурган.

Инфратүзүм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылда бир мектеп, эки мечит, оорукана, бала бакчасы, маданият үйү, почта жана китепкана (фондунда 20 мин китеп катталган) бар. Союз мезгилинде сымап ондуруп иштетуучу комбинат болгон.

Тарыхка кайрылсак Чаувай шаарчасы 1947-жылы негизделген. Анын алгачкы башкаруусу Алтынай Акматова. Эгемендүүлуккө чейин сымап өндүрүүчү Айдаркен сымап комбинатынын филиалы иштеп турган. Дагы бир нерсе Масквалык камсыздоо болгону тууралуу жерибиздин аксакалдары сөздөйт. Ошол мезгилде автобустар жүрүп, дүкөндөр иштеп турган. Азыр болсо эгемендүүлүктөн кийин бардык жок менчиктештирилип кеткен жана муркудай шарт жокко эсе. 2009-жылдагы эл каттоого ылайык 2 минден ашкан. Элдин көпчүлүк бөлүгү карыялар жана жаш балдар. Себеби, өлкөдө миграция күч алгандыктан четке чыккандар арбын. 2012-жылдагы мыйзамга ылайык Чаувай шаарчасы деген аталыш жоголуп, Чаувай айыл аймагы болуп аталган. Б. а. шаарча макамынан ажыраган.

2013-жылдан тарта айылда кытай ишкерлери тарабынан ачылган "Чаувай кени" кичи ишканасы азыркыга чейин иштеп келүүдө. Бул кен негизинен совет учурунда 1941-жылдары ачылган. Андан кийин өндүрүш токтоп калды. Учурда негизги товар сымап. Металл түрүндө эмес байытылган руда түрүндө алынат. Чынында Чаувайда завод курулбастан цех курулушунун себеби, андан чыккан уулуу заттар абага тарап бир кыйла айлана чөйрөнү бузат. Бул кендин Актерек учаскасындагы кени деңиз денгээлинен 2100 м бийиктикте жайгашкан. Азыркы учурда иштеп жатат жана натыйжада жергиликтүү бийликтин жол, суу көйгөйлөрүн чечүүсүнө көмөктөшүүгө сөз беришүүдө.

Учурда айылдын жашоочуларына бул жерде жашоо күн өткөн сайын кыйындап барууда. Себеби, таза суу, жол, сугатка суу көйгөйлөрү чечилбей тоо адырлар арасында калууда. Жергиликтүү бийликтин бул маселелерди чечүүгө күчү жетпейт. Бул маселени жогору жактагылар чечүүсү зарыл. Анткени, айыл бюжети аз. Аны жогорлатуу үчүн жайыттарды Чаувай айыл окмоту Уч-Коргон айыл аймагынын балансында турган жайыттарды озунун балансына откоруу зарыл. Ошол жайыттан колдонгон элдин ар бир бодо малынан алынган салыктан айыл бюжети толоор эле. Жада калса билим берүү жагы бир кыйла төмөн деп айтууга болот. Себеби мугалимдер жетишпегендиктен айрыкча тил жаатында жана так илимдер жаатында айыл жаштары ЖОЖго тапшырууда бир кыйла аксайт".

Шаар менен айылды автоунаа жолу байланыштырат. Ортодо Mersedes-Benz Sprinter маркасындагы эки автоунаа каттап кунуго аралка карап анын жол киреси 30 сомдон баштап 50 сомдун тегерегинде.

Булактарга шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.