Токтогул (шаар)
Jump to navigation
Jump to search
Шаар
Токтогул
|
Токтогул — Жалал-Абад облусундагы, Токтогул районундагы шаар, райондун борбору. Аталышы кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун атынан берилген. Мурунку аталышы — Музтөр. 2012-жылы Токтогул шаарчасы шаар статусуна ээ болгон.
Аянты 676 га. Кетментөбө өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 988 м бийиктикте, Токтогул суу сактыгычынын түндүк жээгинде, Бишкек — Ош жолунун боюнда жайгашкан. Калкы 16 429 (2009)[1].