Кызыл-Өзгөрүш
Көрүнүш
Отурукташкан жай
|
Кызыл-Өзгөрүш (кырг. Кызыл-Өзгөрүш) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Кызыл-Өзгөрүш айыл округунун борбору. Коңур-Өгүз суусунун оң өйүзүндө, Кара-Кыр, Туулук, Коңур-Өгүз тоолорунун этегинде, деңиз деңгээли 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түштүкчыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 147 км. Кыштак 1926-ж. негизделген.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 2 262 (2023-жылы)[1] киши, негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит бар. Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү иштейт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Борбор шаары | Токтогул | |
---|---|---|
Бел-Алды айыл округу | Сары-Сөгөт • Бел-Алды • Коргон | |
Жаңы-Жол айыл округу | Жаңы-Жол • Арал • Кара-Суу • Комсомол • Куйбышев • Кызыл-Туу | |
Кызыл-Өзгөрүш айыл округу | Кызыл-Өзгөрүш • Аң-Арык • Бел-Кара-Суу • Бууракан • Жар-Таш • Камыш-Башы • Коңур-Өгүз • Кош-Таш • Орто-Жон • Чеч-Дөбө • Шайык • Ак-Жар | |
Ничке-Сай айыл округу | Ничке-Сай • Чоргочу | |
Кетмен-Дөбө айыл округу | Терек-Суу • Беке-Чал • Чоң-Арык • Эшсай • Жаңы-Арык • Кырк-Казык | |
Сары-Камыш айыл округу | Бирлик • Көтөрмө | |
Үч-Терек айыл округу | Үч-Терек • Жетиген • Кызыл-Ураан • Саргата • Такталык | |
Аралбаев айыл округу | Толук • Алмалуу • Ноот • Чаар-Таш | |
Абды Сүйөркулов айыл округу | Торкент • Кетерме • Кара-Жыгач | |
Чолпон-Ата айыл округу | Чолпон-Ата • Ак-Тектир • Балыкты • Кара-Күңгөй • Кушчу-Суу • Мазар-Суу |