Мазмунга өтүү

Толук

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Толук
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонТоктогул району
Координаттар41°53′57″ с. ш. 73°35′46″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги1686 м
Климатынын түрүкескин континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы963[1] адам (2009)
Улуттук курамыКыргыздар
Диний курамыИслам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996
Почта индекси721617
Автоунаа кодуD,04
Толук (Кыргызстан)

ТолукКыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Аралбаев айыл аймагынын курамына кирет.

"Толук" - деп аталып калышынын себебин жергиликтүү тургундар бир канча мисал менен божомолдошот, алардын бири: Дайыма жерди казып кайра казылган топуракты ордуна салганда бир топ топурак ашып калган экен. Мына ошондуктан Толук деп аталып калган дешет. Дагы бир маалыматтарда айылды төрт тарабынан бийик тоолор курчап тургандыктан ушундай аталып калгандыгы айтылат.

Толук айылы деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашып, райондун борбору Токтогул шаарчасынан 110 чакырым, Бишкек шаарынан 410 чакырым алыстыктан орун алган.

Инфраструктурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылда эки мектеп, оорукана, дарыкана, клуб, тегирмен, эки мечит жана кичи футбол аянтча орун алган. Бир мектеби жаңы салынып, анын ичи окуучулардын билим алуусуна өзгөчө шарттар түзүлүп заманбап техникалар менен жабдылган. Айылда көбүнчө мал чарбачылык, дыйканчылык, ошондой эле балчылык менен эмгектенишет.

Калкы - 963 киши (2009).[1]

Белгилүү инсандары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Kyrgyzstan-stub