Кара-Үңкүр суусу, Базар-Коргон району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кара-Үңкүр суусу, Базар-Коргон району, Тентек-Сай – Базар-Коргон районунун аймагы аркылуу аккан суу, Кара-Дарыянын оң куймасы. Узундугу 127 км, алабынын аянты 4130 км2. Фергана, Исфан-Жайлоо жана Бабаш-Ата кырка тоолорунан башталган Кызыл-Үңкүр жана Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Алабында жапайы жаңгак-мөмөжемиш токойлуу табигый кооз аймактар – Кызыл-Үңкүр өрөөнү жана Арстанбап өрөөнү жайгашкан. Чарбак кыштагы туштагы Жылдык орточо чыгымы 29,6 м3/сек; эң көбү 85,7 м3/сек (май), эң азы 9,64 м3/сек (январь). Негизги куймалары: Арстанбап, Шайдан-Сай, Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү жана башка Суусун толук пайдалануу үчүн Базар-Коргон суу сактагычы (көлөмү 22 млн м3) курулган. Сугатка пайдаланылат. Жээгинен Кызыл-Үңкүр, Ооган-Талаа, Ак-Булак, Арстанбап, Чарбак, Абдураимов атындагы (Совет), База-Коргон жана башка кыштагы орун алган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]