Кара-Дарыя

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кара-Дарыя.

Кара-ДарыяКыргызстан жана Өзбекстан аймактары аркылуу аккан дарыя. Фергана өрөөнүнүн чыгыш жагында.

Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан башталган Кара-Кулжа суусу жана Алай-Куу кырка тоосунан башталган Тар суулары кошулгандан кийин Кара-Дарыя деп аталат. Нарын дарыясы менен кошулуп, Сыр-Дарыяны түзөт. Узундугу-180 км, алабынын аянты 33100 км2. Жогорку агымы кууш, орто жана төмөнкү бөлүктөрү кеңири өрөөндөр аркылуу агат. Ири куймалары: Жазы, Көгарт, Караүңкүр, Майлысуу (оң), Куршаб, Аравансай (сол) ж.б. 200дөн ашык куймасы бар. Кара-Дарыянын алабында 40ка жакын көл жатат, алардын эң ирилери: Чоң Кулун, Кичи Кулун, Чоң Көл, Кичи Көл, Кабылан көл, Кара көл, Кутма н көл ж.б. Жылдык орточо чыгымы Кемпирабад кыштак тушта (чатынан 140км жогору) 121м3/сек. Эң көбү 676 м3/сек, эң азы 28,9 м3/сек (февраль). Агымынын 32%кардан, 16% мөңгүдөн жана 52%жер астындагы суулардан куралат. Сугатка кеңири пайдаланылат. Кара-Дарыяда Куйганжар тосмосу курулган, дарыя жана анын куймаларынан ондогон сугат каналы (Чоң Фергана, Кочкората, Отузадыр, Увал, Алтыбай, Найман ж. б .) чыгарылган. Жээгинен Өзгөн шаары, көптөгөн кыштактар орун алган.

булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстандын географиясы, Бишкек 2004, ISBN9967-14-00-6-2