Жаңгак

Википедия дан
Жаңгак.

Жаңгак - грек жаңгагы (лат. Juglans regia, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн жаңгактар тукумундагы уруусу. Бийиктиги 5–50 мге чейин жеткен, жалбырагын күбүмө, бир үйлүү дарак. Шагынын диаметри 10–12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябрдын аягынан октябрга чейин бышат. Мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү. Анда май, белок, А, В1 витаминдери бар. Анын 20дай түрү көбүнчө Түндүк Европа, Чыгыш Азия, Түндүк жана Түштүк Американын мелүүн, субтропик, тропик алкактарында өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү негизинен тоодогу жазы жалбырактуу аралаш токойлордо кезигет. Кыргызстанда Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун түштүк-батыш беттеринде өнүп-өсүүсү үчүн өзгөчө табигый чөйрөнү талап кылуучу торгой флорасынын калдыгы – дүйнөдөгү ири жаңгак токою өсөт. Аянты 35 миң га жерди ээлейт. Жаңгак мөмө дарагы катары, ошондой эле кооздук үчүн өстүрүлөт. Жыгачынан баалуу буюм, урук, кабыгынан боёк, өңдөгүч зат алынат. Майы тамак-ашка пайдаланылат, ошондой эле лак, самын жасоодо керектелет. Алардын энергетикалык баалуулугу 100 г үчүн 700 ккал, ошол эле учурда 400 г ядро, снаряддар жана бөлүктөрдөн тазаланат, адамдын калориядагы күндөлүк керектөөсүн толук канааттандырууга жетиштүү болот.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Жаңгак жана анын калориялуулугу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]