Жийде, Сузак району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Айыл
Жийде
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад областы
Район Сузак району
Айыл округ Сейпидин-Атабеков айыл округу
Координаттар 40°50′50″N 72°58′30″E / 40.84722°N 72.97500°E / 40.84722; 72.97500Координаттары: 40°50′50″N 72°58′30″E / 40.84722°N 72.97500°E / 40.84722; 72.97500
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 3509[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Жийде, Сузак району (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Жийде (кырг. Жийде) — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков атындагы айыл округуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 710 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 12 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 20 км. Кыштак 1888-жылы негизделген. Калкы 3 509 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана шалы өстүрүүдө эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Суусу мол болгондуктан, илгертеден шалынын мекени.[1]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
  • 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область