Сайпидин Атабеков айыл аймагы
Сайпидин Атабеков - Cузак районундагы айыл аймак.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атабеков айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте турат. Жалалабад шаарынан 12 км, район борборунан 15 км жана Бишкек шаарынан 550 км алыстыкта жайгашкан. Өзбекстан республикасынын Ханабад шаары менен чектешкен аймактын административдик борбору Бекабад айылы болуп саналат. Айыл аймактын ортосунан Ош-Бишкек республикалык стратегиялык авто жолу өтөт. Аянты 148.2 км2. Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 14,6 миң га (сугат жери - 3,3 миң га, кайрак жери – 0,7 миң га), чабындысы 0,5 миң га, жайыты 9,6 миң га, бак-дарак 0,5 миң га [1].
Айылдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атабеков айыл аймагына 17 айыл кирет.
- Бекабад
- Бөкөй
- Бостон
- Жаны-Жер
- Жийде
- Кайнар
- Кара-Жыгач
- Кашкар-Маала
- Мундуз
- Найман
- Кызыл-Багыш
- Кыргыз-Абад
- Таш-Булак
- Турк-Абад
- Өзбек-Абад
- Чек
- Ширин
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сайпидин Атабеков атындагы айыл аймагы мурда Бек-Абад айыл кеӊеши деп аталган жана ал 1928-жылы уюшулган. 1930-жылдан баштап Бек-Абад айыл кеӊешинин аймагында колхоздоштуруу иши башталган. 1930-31-жылдарда Бек-Абад айыл кеӊешин Калматов Мирзакерим деген адам башкарган. Ошол мезгилде Бек-Абад айылында “Куйбышев”, Кыпчак айылында “Социализм”, Актачы айылында “Ленин” атындагы колхоздор түзүлгөн. 1936-жылы чарбаларга “СТЗ” маркасындагы алгачкы тракторлор келип, 1939-жылы Бек-Абад айылында алгачкы жолу МТС курулган. МТСтин директору болуп Д.Е.Пионт бекитилген. 1927-жылы Бек-Абад айылындагы алгачкы жолу советтик мектеп ачылып, 1937-жылы бул төрт жылдык мектеп 7 жылдык мектепке айланып №4 Киров атындагы мектеп болуп аталган. Кийинчерээк бул мектепке кыргыз, өзбек класстары ачылып, 1956-жылы биринчи бүтүрүүчүлөр аттестат алышкан. 1936-50-жылдардын аралыгында чарба башкаруу иши тез-тез реформаланып турган. Мисалга, 1936-жылдан кийин Бек-Абаддын аймагында Молотов жана Каганович атындагы колхоздору уюшулган 1956-жылы Ленин, Куйбышев, Социализм колхоздору биригип Правда колхозу түзүлсө 1959-жылы август айында Правда колхозу менен Эркин колхозу биригип, Эркин колхозу деп аталган. 1961-жылы Бек-Абад аймагындагы бардык колхоздор, айылдар электрлештирилип, 1962-жылы чарбада АТС (Автоматташтырылган телефон станциясы) курулуп, айыл телефондоштурулган. Эӊ башкысы колхоздо биринчи жолу үй-бүлөлүк подряд системасы киргизилген. 1962-жылы Эркин колхозунда чарба башкармасы болуп Сайпидин Атабеков келген. Ал 1911-жылы Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлүп, эмгек жолун 1929-жылы Көк-Жаңгак шахтасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. (1967-80). 1941-45-жж. Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-62-жылдары Кыргызстан КП Жалалабат обкомунун инструктору Үч-Терек райкомунун катчысы, Эмгекчилер депутаттарынын Ленин, Токтогул райондук Советтеринин аткаруу комитетинин төрагасы. Партиянын Токтогул райкомунун 1-катчысы, 1962-77-жж. Сузак районундагы “Эркин” колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Бир жылдан кийин чарбанын экономикасы жогорулаган. Чарбанын аймагында 7 кой короо курулуп, тоют цехи пайда болгон. Чарбада койлордун саны 7 миң баштан, 2 миӊ башка көбөйгөн. Чарба реформатору катары С.Атабеков “Ленин”, “Октябрь Революциясы”, 2 жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордендери, “Ардак белгиси”, 3-даражадагы Даңк ордендери, медалдар менен сыйланган. менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 3 жолку депутаты болгон. Анын урматына 1978-жылы 28-февралда Бек-Абад айылдык кеӊеши С.Атабеков атындагы айылдык кеӊеш болуп кайра аталган. 1979-жылы Эркин колхозу экиге бөлүнүп, Эркин жана Теӊдик колхоздору болуп түзүлөт [2].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Географиялык абалы. Текшерилген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
- ↑ Сайпидин Атабеков айыл аймагы тарыхы. Текшерилген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 19 -ноябрь (жетинин айы) 2022.