Кен байлыктар

Википедия дан
кен (көмүр, Австралия).

Кен байлыктар - жер кыртышындагы эл чарбасына керектүү минералдык заттар. Табигый түрдө (көмүр, кварц куму ж. б.) же кайрадан иштетилгенден кийин (талкалап, жанчып, майдалап тазартуу ж-а ылгап бөлүп алуу) пайдаланылат. Физ. касиеттери б-ча катуу, суюк ж-а газ түрүндө жолугат. Курамы м-н эл чарбасында колдонулушуна карап 3 топко бөлүнөт:

  1. күйүүчү кен байлыктар (каустобиолиттер) — нефть, күйүүчү газдар, көмүр, чым көң, күйүүчү сланецтер;
  2. металл кендери — нукура металлдар (алтын, күмүш ж. б.), кара ж-а түстүү металлдар, сейрек кездешүүчү, радиоактивдүү металлдар ж-а алардын кенташтары;
  3. металл эмес кен байлыктар + химиялык (туз, гипс, күкүрт, апатит, фосфорит ж. б .) жана от менен кислотага чыдамдуу заттар.

Бирок мындай бөлүү шарттуу. Анткени булардын бир эле түрү эл чарбасынын ар кандай тармактарында кеңири колдонулуп калышы мүмкүн. Мисалы, нефть м-н күйүүчү газ хим. ө. ж-дын негизги сырьёсу болуп эсептелет. Бокситтен алюминий өндүрүлөт, жасалма корунд алынат, жогорку сапаттуу цемент жасалат. Кен байлыктар Жердин ж-а жер кыртышынын өсүп-өнүгүү тарыхында, бардык мезгилде, ар түрдүү геологиялык процесстерин натыйжасында келип чыккан. Жаратылыштагы чогундусунан, топтолушунан кен (к. Кен) пайда болгон. Кен байлыктардын сапаттуулугу кондицияга көз каранды. Пайда болуу шарттары, орун алышы, магматизм, тектоника, стратиграфия, литология, геоморфология м-н байланышы кен издеп, чалгындоодо эң негизги маселелерден болуп эсептелет. Минералдардын физикалык-химиялык касиеттерин изилдеп, алардын өнөр жайда колдонулушун билебиз. Жаңы минералдарды жана алардын кендерин табабыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9