Мазмунга өтүү

Минералдык заттар

Википедия дан
Минералдык заттар

Минералдык заттар Тирүү организмдин клеткаларында органикалык заттар менен бирге минералдык заттар да болот. Алардын организм үчүн мааниси көп түрдүү. Минералдык заттар белоктун пайда болушунда жана түзүлүшүндө маанилүү. Тамак-аштын эң зарыл компоненти болуп, организмдин тиричилигин жана өөрчүүсүн камсыз кылат. Тамак сиңирүү ферменттерин синтездөөгө, зат алмашууга катышат.

Организмдеги ролу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Минералдык заттардын организмдеги кислота-жегичтик тең салмактуулукту, ткань менен клеткаларда суутек иондорунун физиологиялык концентрациясын бир калыпта кармап турууда ролу чоң. Тамак-ашта жегичтүү же кычкылдуу М. з-дын бири артыкчылык кылса, организмдеги кислота-жегичтик тең салмактуулуктун бузулушуна алып келет. Кычкылдуу минералдык заттар (күкүрт, фосфор жана хлор жана башкалар) — этте, балыкта, нанда, ал эми жегичтүү минералдык заттар (калий, натрий, кальций жана магний) сүт жана сүт азыктарында, жер жемиштерде, мөмөлөрдө көп болот. Минералдык заттар организмдеги өлчөмүнө жараша макроэлементтер жана микроэлементтер болуп айырмаланат.

Минералдык заттар

Макроэлементтер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макроэлементтерге кальций, фосфор, калий, натрий, магний, хлор, темир жана башкалар кирсе, микроэлементтерден ткандарда 0,001% кем кезиккен жез, цинк, кобальт, марганец, йод, фтор жана башкалар кирет. Организмдин минералдык заттарга муктаждыгы негизинен тамак-аш жана суу аркылуу канааттандырылат.

Минералдык заттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Суу
  • Кальций
  • Фосфор
  • Калий
  • Натрий
  • Xлор
  • Бром
  • Фтор
  • Йод
  • Темир гемоглобин
  • Магний
  • Жез
  • Стронций

Суу — бардык организмдердин маанилүү составдык бөлүгү. Ал түрдүү заттардын эриткичи; суу органикалык заттардын кычкылдануу реакциясынан пайда болот. Ал тиричиликтин негизин түзгөн көпчүлүк химиялык реакцияларда катышат. Чоң кишинин организминин 65%ын суу түзөт. Ар кандай ткандарда анын өлчөмү ар түрдүү. Минералдык заттардын организмде суу-туз алмашууда ролу чоң.

Организмде кальцийдин ролу өтө зор. Ал сөөк тканынын негизги структурасын түзөт. Сөөктөгү кальцийдин өлчөмү анын организмдеги жалпы санынын 99%ын түзөт. Кальций туздары кандын, клетка жана ткань суюктугунун туруктуу составдык бөлүгү, алар клетка ядросунун составына кирип, клетканын өсүп-өөрчүшү жана иштешинде маанилүү роль ойнойт. Тамактагы кальций организмге сиңип, зат алмашууга чоң таасир этип, организмде азык заттарын толук пайдаланууга түрткү берет. Кальций бирикмелери организмдин коргонуу күчтөрүн чыңдап, тышкы жагымсыз факторлорго (анын ичинде инфекцияга) анын туруктуулугун жогорулатат. Кальций жетишсиздиги жүрөк булчуңунун жана кээ бир ферменттердин функциясына таасир этет. Кальций туздары кан уюуда катышат. Кальций начар сиңирилүүчү элементтердин бири. Өт кислоталары анын бирикмелерине таасир этип, сиңүүгө көмөктөшөт. Кальцийдин сиңирилишинде тамактагы фосфаттардын туура катышы маанилүү.
Балдарда бул минералдык заттардын кандагы өлчөмү тамактагы өлчөмүнө жана ичегидеги сиңирилишине байланыштуу. Кальцийдин сиңирилишине тамак-ашта магний, калий көп болгону терс таасирин тийгизет. Кальцийдин кандагы концентрациясы азайганда борбордук нерв системасынын козголгучтугу төмөндөп, тетания пайда болот. Кальций организмге ашык киргенде кандагы өлчөмү жогорулап, ткань менен клеткаларда ал чөгүп, кальциноз пайда болот. Д витамини кальцийдин ичегиде сиңирилишине жана организмде сакталып калышына, ошондой эле сөөктүн калыптанышына көмөк болот. Аны ашык кабыл алганда да кальций көбөйөт да, балдардын бою өспөй, кусуп, ичи катыйт жана башкалар бузулууларга алып келет. Сөөк склетинин жетилбей калышы тамак-аштагы кальцийдин жетишсиздигине байланыштуу. Бала эмизген эненин организми кальцийди көп талап кылат. Организм кальцийди суткасына 800 мгга жакын керектейт. Жаш балдар менен өспүрүмдөргө, боюнда бар жана бала эмизген аялдарга суткасына 1,5—2 г кальций керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында (быштак, сыр), жумуртканын сарысында, капустада, буурчактарда, кээ бир балыктарда, көк петрушкада жана башкаларда көп болот.

Фосфор организмдин бардык ткандарынын составына (өзгөчө булчуң менен мээ) кирип, зат алмашуунун бардык түрүндө катышат. Ал нерв системасынын, жүрөк булчуңунун жана башкалар иштешине абдан керек. Фосфор организмдин ткандарында жана азык заттарда фосфор кислотасы жана анын органикалык бирикмелери (фосфаттар) түрүндө болот. Фосфордун негизги массасы кальций фосфаты түрүндө сөөк тканында, калган фосфор жумшак ткань менен суюктуктарда топтолгон. Булчуңдарда фосфор бирикмелеринин ургаалдуу алмашуусу жүрөт. Фосфор кислотасы көпчүлүк ферменттердин, нуклеин кислоталарынын молекуласын түзүүдө катышат. Фосфордун органикалык бирикмелеринин кандагы өлчөмү өзгөрүлүп турат. Бирок органикалык эмес фосфор негизинен туруктуу (3,0—5 мг%); ымыркай балада 4—7 мг%. Органикалык эмес фосфордун кандагы өлчөмү сүт диетасын колдонгондо, ошондой эле калкан сымал бездин жанындагы бездер жетишсиз иштегенде, бөйрөк ооруларыңда, кант диабетинде, акромегалияда, аддисон оорусунда жана башкалар көбөйөт. Ачка болууда ткандагы органикалык эмес фосфор керектелет. Фосфор организмге тамактагы белоктор, майлар, углеводдор аркылуу келет. Фосфордун кээ бир бирикмелери дары түрүндө кан пайда болууну, сөөк тканынын өсүп-өөрчүшүн күчөтүүдө, борбордук жана четки нерв системасынын иштешин жакшыртууда, ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасынын жана булчуңдардын ооруларында колдонулат. Фосфор организмге сүт, сүт азыктары, эт, балык, жумуртка жана башкалар менен кирет. Чоң киши суткасына — 1600 мг; кош бойлуу аялдар — 3000 мг, бала эмизген аялдар 3800 мг фосфор керектейт.
Организмде фосфор алмашуу магний алмашуу менен тыгыз байланышта. Магнийдин көбү сөөк тканынын составына кирет. Кан плазмасында, эритроциттерде, жумшак ткандарда магний ион түрүндө болот. Кээ бир өлчөмү белоктор менен байланышкан. Канга магнийди көп өлчөмдө куйганда наркоздук абал пайда болот; кальций туздары магнийдин таасирин жоготот. Магний спазмга каршы таасир этет, кан тамырларды кеңейтет, ичегинин перистальтикасын, өттүн чыгышын күчөтөт, ошондуктан магнийдин бирикмелери дары катары (мисалы, магний сульфаты, магний карбонаты жана башкалар) кеңири колдонулат. Чоң кишилердин магнийге болгон муктаждыгы тамак-аш аркылуу канааттандырылат. Ал организмге демейде нан, акшак жана буурчак азыктары аркылуу кирет. Магний халвада, гречкада, сулу акшагында, буурчакта, өрүк, кызыл өрүк, кара өрүк кактарында жана башкалар продуктуларда көп болот. Эт, сүт азыктарында аз кездешет.

Минералдык заттардан орчундуу орунду калий ээлейт. Организмдин ички чөйрөсүн бир калыпта кармап турууда, ошондой эле булчуңдарга нерв импульсун өткөрүүдө калийдин мааниси чоң. Организмде калийдин топтолушу натрийдин суюктук менен сыртка чыгышын күчөтөт. Калийдин заара айдама касиети бар; калийдин жетишсиздигинен ак шишик пайда болот, нерв импульстарын өткөрүү бузулат. Калийдин ашыгы организмден бөйрөк аркылуу тез эле чыгарылат. Организмдин калийди керектөөсү суткасына 2—3 г. Кургатылган өрүк, шабдалы, буурчак, картошка, балык калийге бай келет.

Натрий физиологиялык зор мааниге ээ, организмдин бардык ткань жана биологиялык суюктуктарынын составына кирет. Организмдеги натрий туздары ички чөйрөнү бир калыпта сактап, суу алмашууда активдүү катышат. Натрий азык-түлүктө аз. Ал организмге хлор менен бирге негизинен тамакка кошулган аш тузу (кайнатма туз) түрүндө келип түшөт. Суткасына чоң киши аш тузун 15 гга чейин керектейт. Керек учурда тамактагы аш тузун 5 гга чейин азайтса болот. Кайнатма туз суу алмашууда негизги ролду ойнойт. Заара жана тер менен туз көп бөлүнүп чыгат. Тузду өтө көп жоготуу организмдин жалпы абалына таасир этип, кишинин ишке жөндөмдүүлүгүн начарлатат.

Xлор организмге хлордуу натрий (аш тузу) түрүндө кирет. Хлордун 90%и заара, 6%и тер менен чыгат. Хлор алмашуу бузулганда ак шишик, карын зилинин секрециясынын жетишсиздиги жана башкалар болот.

Бром организмге өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар жана аш тузу (аз өлчөмдө) менен кирет. Бром туздарынын сеп алдыруучу касиети бар, медицинада кеңири колдонулат.

Фтор кишинин бардык ткандарында бар. Сөөк менен тиште, өзгөчө тиш эмалында көп жана андагы фтор эрибеген түрдө болот. Организмге фтор ичкен суу менен кирет. 1 л сууда 0,5 —1,2 мг фтор болот. Суу менен тамак-ашта фтор аз болсо, тиштин чириши көп кездешет. Фтордун организмге ашык кириши флюорозго алып келет.

Йод кишинин бардык ткандарында болот. Негизинен ал калкан сымал безде болуп, анын гормондорунун (трийодтиронин жана тироксин) составына кирет. Суткасында кишиге 100—150 мкг йод керектелет. Тамак-ашта йоддун жетишсиздиги калкан сымал бездин функциясын бузат (Богок). Аны алдын алууда йод аш тузуна кошулат.

Темир гемоглобин

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Темир гемоглобиндин, миоглобиндин жана кээ бир ферменттердин (каталаза, цитохромдор) составына кирет. 70%и гемоглобинде топтолгон. Темир кан пайда болуу процессинде катышат (Кан, Кан пайда болуу). Темирдин жетишсиздиги аз кандуулукка себепкер. Темир организмде топтолууга жөндөмдүү. Бала төрөлгөндө аларда анчамынча темирдин запасы болот. Төрөлгөндөн бир нече жума өткөндөн кийин эритроциттердин бузулуу ылдамдыгы алардын пайда болуу ылдамдыгынан өтөт, бирок анда темирдин ашыгы организмден чыкпайт. Баланын организминин темирди кармап калуу жөндөмдүүлүгү өтө маанилүү, себеби эне сүтү менен темир жетишсиз келет. Темир организмде өтүүчү кычкылдануу-калыбына келүү процесстеринде маанилүү роль ойнойт. Ал боордо, мээде, жумуртканын сарысында жана башкалар көп. Жемиштеги (шабдалы, алма, кара өрүк) темир жакшы сиңет. Чоң кишиге темир суткасына 15 мг, балдарга 7—10 мг керек.

Жез организмде маанилүү роль ойнойт. Айрым кычкылдантуучу ферменттердин составына кирет. Жез кан пайда болуу процессинде, гемоглобин жана цитохром ферменттеринин синтезинде, түйүлдүктүн өсүшүндө мааниси чоң. Ал эндокрин системасынын бездеринин функциясына таасир этет. Жез уйдун, чочконун, треска балыгынын боорунда көп.

Стронций сөөктүн пайда болушуна көмөкчү.
В12 витамининин курамына кобальт кирип, ал анын активдүүлүгүн белгилейт. Жалпысынан алганда, тышкы чөйрөдөгү химиялык жана геохимиялык факторлордун организмдеги зат алмашуу процесстерине, организмдин өөрчүп-өсүшүнө чоң таасири бар экендиги, бул процесстердин тамак-аштын сапатына, санына жараша экендиги азыр жалпыга белгилүү. Кайсы бир микроэлементтин ичкен сууда, азык-түлүктө, жер кыртышында жана башкалар көбөйүп же жетишсиз болушуна байланыштуу эндемиялык очоктор бар экендиги илимде маалым.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8