Кан пайда болуу

Википедия дан

Кан пайда болуу, гемопоэз – жаныбарлар менен адамдын кан клеткаларынын пайда болуу, өөрчүү, жетилүү процесси. Адам менен омурткалуулардын кан клеткалары аз убакыт жашайт (мисалы, адамдын эритроцити 120, лейкоцити 5, тромбоцити 4 күн, лимфоцит бир нече күндөн бир нече айга чейин). Организмде кан клеткаларынын тынымсыз бузулуп турганына карабастан, жаңысы менен алмашып, канда алардын саны өмүр бою бир калыпта сакталып турат. Омурткасыз жаныбарларда кан көңдөй суюктугунда жана кандын өзүндө пайда болот. Кан сүт эмүүчүлөр менен адамда кан пайда кылуучу органдарда пайда болот: эритроциттер, лейкоциттер жана тромбоциттер – сөөк кемигинде; лимфоциттер лимфа түйүндөрүндө, көк боордо, богок безинде, сөөк кемигинде жаралат. Кан пайда болуу жана кан клеткаларынын сан жана сапатынын өзгөрүүлөрүн бир катар гормондор, витаминдер (мисалы, В12, фоли кислотасы), ошондой эле өзгөчө заттар – гемопоэтиндер жөнгө салып турат. Сүт эмүүчү жаныбар менен адамдын түйүлдүгүндө Кан пайда болуу мезенхима клеткаларынан башталат. Кандын алгачкы пайда болуусу 19 күндүк эмбриондон (түйүлдүктүн экинчи айында) байкалат. Кийинчерээк боордо – эритроциттер жана лейкоциттер, богок безинде лимфоциттер жаралат. Түйүлдүк 4 айга караганда Кан пайда болуу кемик менен чучукта жүрөт. Бул мезгилде лимфа түйүндөрү калыптанып, анда лимфоциттер пайда болот. Көк боордо Кан пайда болуу бала төрөлгөндөн кийин башталат. Кан жоготууда, канда кычкылтек жетишпегенде, сезгенүү процессинде, жугуштуу ооруларда организмде Кан пайда болуу күчөйт. Бул организмдин коргонуу функциясын билдирет. Организмде темир, В12 витамини жетишпегенде, көк боор ооруганда, айрым уу заттар менен ууланганда Кан пайда болуу начарлап, аз кандуулукка алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]