Жер кыртышы

Википедия дан
Жер кыртышы:
1: Континенттик кыртышы,
2: Океандык кыртыш,
3: Мантия.

Жер кыртышыЖердин «катуу» бөлүгүнүн үстүңкү катмары, мантия менен Мохоровичич чеги аркылуу чектешет. Калыңдыгы океан түбүндө 5 км, материктин астында 75 кмге жетет. Континенттик жана океандык, ошондой эле өтмө – субконтиненттик жана субокеандык жер кыртыштарына бөлүнөт. Континенттик жер кыртышы чөкмө, гранит жана базальт катмарларынан турат; орточо калыңдыгы 35–45 км, эң калың жери 75 км (тоо астында) болот. Океандык кыртыш континенттик кыртыштан гранит катмарынын жоктугу жана кыртыштын жукалыгы (5 кмден 10 кмге чейин) менен айырмаланат. Жер кыртышы изостазиялык тең салмактуулук абалына жакын. Жер кыртышында дайыма тектоникалык кыймыл болуп турат. Түзүлүшү боюнча ал кыймылдуу – геосинклиналь жана кыймылсыз – платформа аймактарына бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1