Базальт

Википедия дан
Базальт.
Базальт.

Базальт - [лат. Basaltes, гр. Basanos сыналуучу таш, эфиоп. Basal тамырлуу таш] агылып чыккан жанар тоо теги. Эффузив тоотектеринен жербетине эң эле көп таралганы (алардын ичинен базальт сапаты боюнча кургактыкта 40%, океан түбүнүн 90% ээлейт). Курамынын негизги бөлүгү плагиоклаздан (лабрадор, битовнит же анортит), авгиттен жана оливинден турат. Адатта кошумча иретинде пироксен, магнетит, ильменит жана башка кездешет. Тоотек, кээде тыгыз же абдан майда бүртүкчөлүү массадан, кээде оливин, негизги плагиоклаз жана базальттык роговой обманкалуу авгиттин порфирдик бөлүкчөлөрүнөн турат. Базальт Жерде гана эмес, жер тобуна тийешелүү планеталарда, Айда эң кеңири таралган тектерден болуп эсептелет. Алардын кеңири таралган түрү толлеит базальттары нормалдуу же начар жегичтиги менен башка жегичтик жана кремнийге кедей базальттардан айырмаланып, океандардагы дээрлик бардык аралдарда, суу алдындагы жанартоо курулмаларында, материктердеги платформалар менен рифтерде таралышы мүнөздүү. Базальттарда жез, никель, платина жана башка кендери учурайт. Базальт эң жакшы курулуш материалы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]