Мазмунга өтүү

Гранит

Википедия дан
Гранит.

Гранит (итал. granite» лат. granum — бүртүкчө) — кремний кычкылына бай магма тоо теги.[1]

Жер кыртышында кеңири тараган. Гранит 30—40% калий талаа шпаты (ортоклаз, микроклин), 10—20% кычкыл плагиоклаз (альбит, олигоклаз), 25—30% кварц, о. эле слюдалар (биотит же мусковит), амфибол, сейрек учурда пироксен минералдарынан турат.

Гранит толук кристаллдашкан, кээде порфир структуралуу тоо тек. Өңү боз, саргыч, бозомтук көгүш Кызыл, Кызыл. Батолит, лакколит, шток, тарам ж. б. түрүндө башка тоо тектердин арасында жатат. Геологиялык жашы боюнча жаратылышта архейден тартып кайназойго чейинки Гранит интрузиялары болот.[2]

Кыргызстандын көпчүлүк жеринде бар. Гранит менен калай, вольфрам, молибден, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү ж. б. көптөгөн металлдардын кенде- ри байланьпптуу. Гранит — эң сонун курулуш материал. Анын кээ бир түр- лерү — жогорку сапаттагы керамикалык сырьёнун (талаа шпатынын) жана слюданын (мусковиттин) кени. Орто эле скульптурада, жасалга искусствосуна ж. б-да кеңири пайдаланылат.

Ленинграддагы Эрмитаж Гранит менен кооздолгон. В. И. Лениндин Мавзолейин, Фрунзе шаарындагы В. И. Лениндин. В. М. Фрунзения, Зууракан Кайназарованын, Тоголок Молдонун зстеликерин тургузууда Гранит пайдаланылган.

Гранга борборлошкон торчо -атомдору параллелепипеддин чокуларында жана анын эки же бардык алты грандарынын борборлорунда жайгашкан Браве торчосунун бир тиби.

Кубдук Гранга борборлошкон торчодо атомдор анын бардык грандарынын борборлорунда жайгашат. Көпчүлүк таза металлдар кубдук; Гранга борборлошкон торчо түрүндө кристаллданат. Мисалы, алтын, күмүш, платина ж. б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  1. Дүйнөнүн архитектура Грант пайдалануу. Текшерилген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2020.
  2. Гранит: курамы, касиеттери, тоо-кен