Мусковит

Википедия дан
Мусковит.

Мусковит (Россиянын эски аты — Московиядан; өткөндө бул минералды «москва айнеги» деген ат менен Батыш өлкөлөрү алый турган) — силикаттар классындагы минерал химия формуласы.

Моноклин системасында кристаллданат. Кристаллдык түзүлүшүнө ылайык мусковит жу­ка кабырчыктарга ажырайт. Өңү түссүз, кээде саргыч, кызгылтым ж. б., айнек сыяктуу жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2,5—3. Салышт. салм. 2,76—3,10. Мусковит тоо тектерин түзүүчү минерал катары граниттердин, пегматиттердин, грейзендердин составында кездешет. При пластинка (ка­быкча) түрүндөгү кендери СССРде (Кола ж. б., Чыгыш Сибирь), Индияда, АКШда, Бразилияда кездешет. Мусковит электр тогун өткөрбөгөндүктон электр жанa радио техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.