Магма

Википедия дан
Магма.

Магма (грекче magma – коюу май) – Жердин терең бөлүгүндө пайда болуп, балкып турган масса; ар кандай химиялык элементтерден турган татаал эринди. Курамында көбүнчө силикаттар, суу буулары, күкүрттүү суутек, метан сыяктуу газдар, фосфор, хлор, фтор ж. б. болот. Кээде силикатсыз жегич-карбонаттуу же сульфиддүү түрлөрү кездешет (мисалы, Чыгыш Африкадагы жанар тоолор). Жер кыртышын жиреп чыгып, сууганда магма тектери пайда болот. Эгерде жер бетине көтөрүлүп чыкса, лава түрүндө агат. Өтө чоң тереңдиктеги боштуктарды толтуруп интрузияга айланат. Жер кыртышындагы терең жаракалар менен жогору көтөрүлүп, жер бетине жетпей сууса, экструзивдүү тектер, майда талкаланган тектер менен газдардын, лаванын аралашмасынан туфтар пайда болот.

Магма жалпысынан негиздүү (базальт) жана кычкылдуу (гранит) болуп бөлүнөт. Базальттын курамында 40–55% SiO2, магний, темир, кальций кездешет. Гранитте SiO2 65–78%ке жетет. Жегич металлдар көп санда жолугат. Физикалык касиеттери курамына көз каранды. Температурасы 900–1200°С. Ар кандай тереңдикте, түрдүү геологиялык мезгилдерде пайда болгондуктан, орун алуу тартиби, формасы да түрдүүчө. Магма жер түпкүрүнүн кийин бир бөлүгүндө тектоникалык кыймылдардын тийгизген таасиринен, радиоактивдүү элементтердин ажырап бөлүнүшүнөн, ар кандай химиялык реакциялардан, тереңдикте температуранын көтөрүлүшүнөн, басымдын төмөндөшүнөн, физикалык-химиялык тең салмактуулуктун өзгөрүшүнөн, заттардын эриши менен суюлушунан пайда болот. Курамындагы суу буулары, газдар кыймылдуу кылып таштайт. Тереңдиктеги боштуктарды, терең жаракаларды толтурат. Акырындык менен сууп, муздап катуу түргө өтөт. Буга чейин бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болуп, дифференциация процесси жүрөт. Суюк абалда оор элементтер терең атырылып, жеңилдери жогору көтөрүлөт. Сууганда түрдүү курамдагы кристаллдуу массага айланат. Үстүнкү бөлүгүндө жегич металлдар менен кремнийден турган кычкыл тектер, асты жагында кальций, магний, темир элементтерине бай негиздүү тектер кристаллдашат. Магманын кристаллдашуу мезгилинде хромит, платина, титан, никель, апатит ж. б. кендер пайда болот. Вольфрам, калай, молибден, сейрек жана чачыранды кендер гранит интрузиясы менен, ал эми халькофилдик элементтер базальт, хром, алмаз ультранегиздүү магма менен байланышкан. Магма тоо тектери (гранит, диорит, сиенит, базальт, туф ж. б.) эң негизги курулуш материалы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]