Коргон (Аксы району)

Коргон, Аксы району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Коргон
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Координаттар 41°39′17″ с. ш. 71°57′25″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1930
Борборунун бийиктиги 1114 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1871[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Коргон (Аксы району) (Кыргызстан)

КоргонКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Авлетим айыл аймагына кирет. Чаткал тоо кыркасынын түштүк-чыгыш этегинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1730 (2008); негизинен мал жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу жана электр тегирмендер иштейт.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 1871 киши (2009-жылы)[1].

Булактарга шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]