Айгыр-Жар, Чаткал району

Википедия дан
Отурукташкан жай
Айгыр-Жар
Айгыр-Жар
Район Кыргызстан
Координаттар 41°43′48″N 70°58′48″E / 41.73000°N 70.98000°E / 41.73000; 70.98000Координаттары: 41°43′48″N 70°58′48″E / 41.73000°N 70.98000°E / 41.73000; 70.98000
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2 864 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Айгыр-Жар, Чаткал району (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Айгыр-Жар (кырг. Айгыр-Жар) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусун Чаткал районундагы айыл. Каныш-Кыя айыл округу составына кирет.

Райондун борбору Каныш-Кыядан 10 км батыш тарапта. ЖалалАбад темир жол бекетинен 387 км.

Калкы 3131 (2015); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет. Орто жана 2 башталгыч мектеп, китепкана, амбулатория, мечит, бала бакча бар. Кокон хандыгынын мезгилинде Коеш уулу Кенжебай, Жайлоо уулу Ибрайым, Атамкул уулу Бекмырза бийлер, Жангелди уулу Дөлөкө, Бегаалы уулу Барпы аттуу инсандар элүү башы болгон.

Болуштук башкаруу жоюлгандан кийин жер-жерлерде старчындар (старший, старшина) башкарып, алгач Маралбай Айдараалы уулу дайындалган. Аймакта Совет бийлигинин алгачкы жылдарында 3 ТОЗ (жерди шериктеш иштетүү) түзүлүп, Ворошилов (Тулпар) ТОЗун алгач Осмон уулу Кошаалы, Соорбек, Орозбек, Кара-Суу ТОЗуна Орозбаев Мамбеталы, Чапаев (Чаарташ)ТОЗунда Орозбаев Эргештер төрага болуп иштеген.

1936-56-жылдары Айгыр-Жал айылдык Кеңеши түзүлүп, төрага болуп Жамал Ташкеев, Сейилкан Назаралиева, Смайыл Молдоисаков, Эргеш Исаков ж.б. иштешкен.1935-39-жылдары Айгыр-Жал аймагындагы майда ТОЗдор коллективдүү чарбаларга (колхоздор) биригишкен.

Чапаев, Ленин, Ворошилов колхоздору 1958-жылга чейин Ленин атындагы колхозго биригишип, чарба жүргүзүп келген. Колхоз башкармалыгынын төрагалары - Үчкемпир Байтереков, Шамыр Смаилов, Ашырбек Данияров, Алике Айымбетовдор болгон.


Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6

  1. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named Этно2009.Джалал-Абад