Беш-Арал
Айыл
Беш-Арал
|
Беш-Арал — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы айыл. Чаткал айыл аймагына кирет.
Беш-арал мамлекеттик коругу - мал коргоого алынган аймак. Чаткал тоосунун түндүк батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. Башка жерлерде кездешпөөчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн мамлекет коргоого алган аймак.
Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө 1979-жылы уюшулган. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өзбек ССРинин малчыларынын Чаткал өрөөнүндө малды кеңири жайып, жайыттардын, анын ичинде баалуу субальптык, альптык өсүмдүктөрдүн тобунун, тоолуу шалбаалардын бузулушу себеп болгон. Алардын бузулушу өрөөндөгү эндемик жаныбарларынын санынын кескин азайышына алып келип, аларды коргоо жана илимий иштерди алып баруу максатында корук уюштурулган.
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы — 0 киши (2023-жылы)[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
Каныш-Кыя айыл аймагы | Каныш-Кыя • Айгыр-Жал • Башкы-Терек • Коргон-Сай • Кызыл-Токой • Чакмак-Суу • Жер-Капчыгай • Кайың-Суу • Кара-Булак • Кара-Суу | |
---|---|---|
Сумсар айыл аймагы | Сумсар • Мончок-Дөбө • Шекафтар • Биримдик | |
Терек-Сай айыл аймагы | Терек-Сай • Ак-Терек • Болуш | |
Чаткал айыл аймагы | Жаңы-Базар • Ак-Таш • Беш-Арал • Курулуш • Чандалаш |