Мазмунга өтүү

Айгыр-Жал (Чаткал району)

Отурукташкан жай
Айгыр-Жал
Район Кыргызстан
Координаттар 41°43′48″ с. ш. 70°58′48″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2 864 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Айгыр-Жал (Чаткал району) (Кыргызстан)

Айгыр-Жал (кырг. Айгыр-Жал) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусун Чаткал районундагы айыл. Каныш-Кыя айыл округу составына кирет.

Райондун борбору Каныш-Кыядан 10 км батыш тарапта. ЖалалАбад темир жол бекетинен 387 км.

Калкы 3131 (2015); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет. Орто жана 2 башталгыч мектеп, китепкана, амбулатория, мечит, бала бакча бар. Кокон хандыгынын мезгилинде Коеш уулу Кенжебай, Жайлоо уулу Ибрайым, Атамкул уулу Бекмырза бийлер, Жангелди уулу Дөлөкө, Бегаалы уулу Барпы аттуу инсандар элүү башы болгон.

Болуштук башкаруу жоюлгандан кийин жер-жерлерде старчындар (старший, старшина) башкарып, алгач Маралбай Айдараалы уулу дайындалган. Аймакта Совет бийлигинин алгачкы жылдарында 3 ТОЗ (жерди шериктеш иштетүү) түзүлүп, Ворошилов (Тулпар) ТОЗун алгач Осмон уулу Кошаалы, Соорбек, Орозбек, Кара-Суу ТОЗуна Орозбаев Мамбеталы, Чапаев (Чаарташ)ТОЗунда Орозбаев Эргештер төрага болуп иштеген.

1936-56-жылдары Айгыр-Жал айылдык Кеңеши түзүлүп, төрага болуп Жамал Ташкеев, Сейилкан Назаралиева, Смайыл Молдоисаков, Эргеш Исаков ж.б. иштешкен.1935-39-жылдары Айгыр-Жал аймагындагы майда ТОЗдор коллективдүү чарбаларга (колхоздор) биригишкен.

Чапаев, Ленин, Ворошилов колхоздору 1958-жылга чейин Ленин атындагы колхозго биригишип, чарба жүргүзүп келген. Колхоз башкармалыгынын төрагалары - Үчкемпир Байтереков, Шамыр Смаилов, Ашырбек Данияров, Алике Айымбетовдор болгон.

Калып:Kyrgyzstan-stub

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6