Кызыл-Өзгөрүш, Токтогул району
Кызыл-Өзгөрүш, Токтогул району — Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Кызыл-Өзгөрүш айыл округунун борбору. Коңур-Өгүз суусунун оң өйүзүндө, Кара-Кыр, Туулук, Коңур-Өгүз тоолорунун этегинде, деңиз деңгээли 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 85 км түштүкчыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 147 км. Кыштак 1926-ж. негизделген. Калкы 1965 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит бар. Оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9