Азербайжандар

Wikipedia дан

Азербайжандар - түрк тилдүү калк. Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө батыш хунну тобунун огуз-селжук бутагына кирет. Азербайжан республикасынын түпкү калкы. Азербайжандардын жалпы саны 20 млн.дон ашуун. Алар өлкөдөн сырткары Иранда (10 млн. ашуун), Грузияда, Россияда (Дагестанда ж.б.), Түркияда, Афганистанда, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан ж.б. жерлерде да жашашат. Мындан сырткары, азербайжандардан субэтникалык топторду: айрум, афшар, баят, карадаг, карапапах, падар, шахсевен ж.б. бөлүп кароого болот. Азербайжан тили өлкөнүн аймагында 5 диалектиге бөлүнөт: Чыгыш диалектилер тобу: куба, дербент, бакы, шемаха, салиян, ленкоран; батыш диалектилер тобу: казах, баргалли, айрум; түндүк диалектилер тобу: нуха, закатал, куткаш; түштүк диалектилер тобу: ереван, нахичеван, ордубад; борбор (орто) диалектилер тобу: гянжа, карабах. Адабий тили 13-к. калыптанган. Улуттук тилдин нормалары ше- маха-бакы диалектинин негизинде түзүлгөн. Ирандык азербайжандар кашкай, кызылбаш, тэрэкеме диалектилеринде сүйлөшөт. 20-к. чейин орус адабияттарында «кавказ түрктөрү», «кавказ татарлары» деген сырттан берилген ат аркылуу (экзоэтноним) да белгилүү болушкан. Азербайжанда 13-к. чейин огуз жана кыпчак урууларынын элдик-оозеки тили колдонулган. Бул элдин калып- танышында да аталган уруулук бирикмелер негизги пайдубалды түзүшкөн. Мындан сырткары, этностук процесске жергиликтүү кавказ этнокомпоненттери да катышкан. Сак, хунну, булгар, печенег элементтеринин катышуу даражасы да илимий далилденген. Азербайжандын этностук жалпылыгынын калыптануусунда 10-13-кк. огуз-селжук урууларынын көчүп келүүсү жана отурук- ташуусу башкы орунга ээ. Огуз-селжуктардын түштүк канаты 10-11-кк. Орто Азиядан, Сырдарыянын бойлорунан батышка журт которушкан. Азербайжан тилинде байыркы огуз, кыпчак тилдеринин элементтери басымдуу сакталып калгандыгы байкалат. Бүгүнкү Азербайжандын топонимиясында байыркы булгар, печенек, огуз-селжук, кыпчак жер-суу аталыштары арбын кездешет. Алардын дээрлигинин Кыргызстандын жер-суу аталыштарында параллелдери кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]