Ала-Бука району

Wikipedia дан
Ала-Бука району
район
Ала-бука району
Kyrgyzstan Ala-Buka Raion.png
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад
Seat Ала-Бука
Time zone GMT +5 (UTC+5)

Ала-Бука району - Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-ж. апрелде, Кызыл-Жар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-ж. ага Чаткал району кошулган. 1963-ж. Жаңы-Жол (Аксы) району менен биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, батышынан Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешет. Аянты 3 миң км2. Калкы 80,9 миң (2004). Райондо 41 кыштак, 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Ала-Бука кыштагы. Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармактарын жана анын этегиндеги адырларды ээлейт. Рельефи негизинен тоолуу. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Кабасай кендеринин мааниси зор. Курулуш материалдарына да бай.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орточо температурасы • -10°С, июлдуку 30°С, тоолордо январдыкы -20 С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300400 мм, тоолордо 600 ммге чейин. Райондун аймагынан Ала-Бука, Чанач-Сай, Терек-Сай, Сумсар, Касан-Сай суулары агып өтөт. Суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касан-Сай суусунда суусактагыч курулган. Райондун деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте ачык, кара боз, 2600 м бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300-2500 м бийиктикте (Чаткал кыркатоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө ж-а адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж. б. аралаш жаңгак, деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы-жайыт ээлейт. Калкы көп улуттуу, көбү кыргыздар (62%), ошондой эле өзбек, тажик ж.б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы - 1 км2ге 26 киши (2004). Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда отурукташкан.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Чарбасынын негизин дыйканчылык ж-а мал чарбасы түзөт. А. ч. жарактуу жери 150,1 миң га (2004), а. и. 21,3 миң га айдоо жер (анын 12,9 миң гасы сугат жер), 258 га чабынды, 129,8 миң га жайыт, 861 га бак-дарак; 117 га саздак жери бар. Райондо 2648 жеке, 439 дыйкан, 42 фермердик чарба, 22 а. ч. кооперативи уюшулган. Аларды Зеңгиата, Падек, Ак-Коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн м-н камсыздайт. 2003-ж. 10,8 миң га жерге дан эгиндери эгилип, дүң жыйымы 30,4 миң о; 2,2 миң га жердеги жүгөрүнүн дүң жыйымы 13,3 миң о; 1,2 миң га жердеги тамекинин дүң жыйымы 2,8 миң о, 2,8 га жердеги май алынуучу өсүмдүктөрдүн дүң жыйымы 2,7 миң о; 828 га жердеги картошканын дүң жыйымы 21,4 миң о; 929 га жердеги жашылчанын дүң жыйымы 15,2 миң о; 868 га мөмө-жемиш багынын дүң жыйымы 2,9 миң оны түзгөн. Райондо 2003-ж. 18 миң карамал (а. и. 9,1 миң уй), 103,3 миң кой-эчки, 5,3 миң жылкы (а. и. 1,4 миң бээ), 61,1 миң үйкушу болгон. Район б-ча 5,8 миң о эт (тирүүлөй салмак), 23,7 миң о сүт, 290 о жүн, 4,5 миң даана жумуртка даярдалган (2004). Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фирмасы, кыш, тамеки ферменттөөчү з-ддор ж. б. ишгейт. 2003-ж. «Техник» акционердик коому 9,1 о макарон, «Достук-Калача» фирмасы 57,4 миң л вино, кыш з-ду 200 миң даана кыш даярдаган, тамеки ферменттөөчү з-д 572 о тамеки ферменттеген. Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-ж. Достук, Кызыл-Ата айылдарында ачылган. 2003/04-окуу жылында райондогу 36 мектепте (а. и. 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч) 19,6 миң окуучу окуп, 1,3 миң мугалим иштеген. Райондо 13 балабакча (1400дөн ашык бала тарбияланган), балдардын «Жоогазын» эсалуу лагери (Чанач-Сай кыш-нда, 500 орундуу) иштеген. 1997-ж. балдардын билим берүү борбору (12 мугалим иштеген) ачылган, анда балдардын чыг-лык үйү бар. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 ФАП, район аралык учук оорулар диспансери, санитария-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Маалымат каяктан алган[оңдоо | булагын оңдоо]