Жаңы-Шаар — КыргызстандынЖалал-Абад облусунунАла-Бука районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 910 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 42 км түштүк-батыш тарапта. Наманган (Өзбекстан) темир жол бекетинен 52 км. Кыштак 1953-жылы негизделген. Калкы 2003 (2007-жылы); дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар[1].