Достук — КыргызстандынЖалал-Абад облусунунАла-Бука районундагы кыштак. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу. Деңиз деңгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 5 км. Наманган (Өзбекстан) темир жол бекетинен 55 км. Калкы 5709 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, китепканалар, дарыканалар, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. [1]