Мазмунга өтүү

Алай району

Википедия дан
Алай району
Сары-Таш айылынан Памир тоолорундагы Ленин чокусунун көрүнүшү.
Сары-Таш айылынан Памир тоолорундагы Ленин чокусунун көрүнүшү.
Өлкө

Кыргызстан

Административдик борбор

Гүлчө

Расмий тили

Кыргыз тили

Калкы

86 648 [1]

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Алай району - Ош облусунда. Район 1928-ж. Алай-Гүлчө району болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн - Алай району жана Чоң-Алай району; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай району түзүлгөн. 1992-ж. кайра эки районго - Алай жана Чоң-Алай районуна бөлүнгөн. Район облустун эң түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түндүк-батышынан Кара-Суу, Ноокат жана Чоң Алай райондору, түштүгүнөн Тоолуу Бадакшан облусу (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 26,0%). Калкы 86 648 киши (2023)[1]. Борбору Гүлчө шаарчасы. Район 14 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо 64 кыштак бар.

Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түндүк бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоң Алай кырка тоосу (эң бийик жери - 7137 м, Ленин атындагы чоку) менен курчалган. Райондун деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөң, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б.

Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы Гүлчө өрөөнүндө -7,5°С, Алай өрөөнүндө -14,4°...-17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9-15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300-500 мм. Ири мөңгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу, Көк-Суу ж. б. Райондун түндүк чыгыш бөлүгүн ж-а орто бийиктиктеги тоолордун түн. капталдарын карбонаттуу күрөң топурак ээлеп, буудайыктуу ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүңгөлүү, бетегелүү ж-а бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой ж-а шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түндүк ж-а чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күңүрт-коңур тоо-токой топурагында) арча ж-а сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп ж-а альп алкактарында субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (итмурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо ж-а көбөйтүү максатында Куршаб суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.

Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деңгээли 20,3ү, өлүм-житим - 41,1ү, табигый өсүш - 16,2ү түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и - эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орточо жыштыгы 1 км жерге 9,0 киши.

Алай районунун экономикасынын негизин мал чарбасы жана дыйканчылык түзөт. Райондо 2003-ж. 116,3 миң кой-эчки, 17,2 миң бодо мал, 9,4 миң жылкы, 20,7 үйкушу болгон. 2003-ж. 6,9 миң о эт (облуста өндүрүлгөн эттин 10,3%и), 17,5 миң о сүт (7,5%и), 342 о жүн (13,3%и), 1,3 млн даана жумуртка (3,9%и) өндүрүлгөн. Жалпы жер фонду 7582,0 миң га (2004), анын а. чга жарактуу жери 409,0 миң га (жеринен 53,9%). Анын басымдуу бөлүгү (387,9 миң га) жайыт. Айдоо аянты 5,0 миң га, анын 1,3 миң гасы сугат жер; 38 га көп жылдык өсүмдүк, 7,9 миң га чабынды. Дан (4,4 миң га, а. и. буудай - 3,2 миң га), картошка (0,5 миң га), май алынчу өсүмдүктөр (227 га), жашылча (244 га) айдалат (2003).

Райондо 5 өндүрүштүк (макарон, самын чыгаруучу, жыгач иштетүүчү, көмүр казып алуучу) ж-а дан эгиндерин кайра иштетүүчү 38 кичи ишкана иштейт. Район облуста өндүрүлгөн өнөржай продукциясынын 0,8%ин берет.

Негизги транспорту - автомобиль. Анын аймагынан эзелтен эле Орто Азия өлкөлөрүн Кытай, Индия, Пакистан, Афганстан м-н байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн. Негизги автомобиль жолдору: эларалык маанидегилери ОшХорог, Сарыташ - Дарооткоргон - Дүйшөмбү (Тажикстан), Сарыташ - Эркештам - Кашгар (Кытай). 2003-ж. автомобиль транспорту м-н 226,6 млн о жүк, 23,5 млн жүргүнчү ташылган. 2003/04-окуу жылында 38 орто, 4 толук эмес орто, 6 башталгыч мектеп, 1 кесиптик-тех. лицей болгон. Райондо 1 борб. ж-а 3 участкалык оорукана, 25 ФАП, 10 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 аптека, мад-т үйү, 11 клуб, 1 райондук, 30 айылдык китепкана, 1 тарых музейи бар.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 14 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 65 айыл бар[2]:

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. 1.0 1.1 Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2023 г.).>
  2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 29.04.2023