Мазмунга өтүү

Кабылан-Кол

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Кабылан-Көл
РайонКыргызстан
ОблусОш облусу
Координаттар40°21′18″ с. ш. 73°17′03″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү4 кичи айыл
БашчысыМадаев Гүлжигит
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги1690 м
Климатынын түрүмелүүн тоолуу
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тиликыргыз тили
Калкы760[1] адам (2023)
Улуттук курамыКыргыз
Диний курамыИслам
Сандык идентификаторлор
Кабылан-Кол (Кыргызстан)

Кабылан-Көл (кырг. Кабылан-Көл) — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районуна караштуу айыл. Коңур-Дөбө тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө шаарынан 24 км. Ош темир жол бекетинен 53 км.

Калкы - 760 киши (2023)[1]. Айылда негизинен 2 орто мектеп (бироо башталгыч), 1 китепкана, ФАП, бала бакча бар. Андан сырткары сүттү кайра иштетүүчү ишкана, почта, паспорт кызматтарынын бөлүмдөрү иштейт. Калкынын социалдык жактан абалы орто жакшы деңгээлде, бир кыйла кичи чарбалар ж.б жолго коюлган. Калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]