Гүлчө
| Шаар
Гүлчө
| |||||||||||||||||||||||||
Гүлчө — Кыргызстандын Ош облусунун Алай районундагы шаар.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 14 121 киши (2023-жылы)[2].
Шаардын тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илгери–илгери кара Кытай элине да озго журтка таанымал, адилет, акылман хан болгон экен. Кудайга канча заарлап какшаса да артында туягы жок, перзент көрбөптүр. Күндөрдүн бир күнүндө, ошол кара Кытай ханы жер кыдырып, эл кыдырып, кыргыз жерине Алайда эс алып жүргөндө, тоо арасындагы гул талаада айперидей кыз перзенттуу болуптур. Кудайдан мин ирет жалынып суранса да, перзент корбой, бала жытына зар болгон хан, коз жашы төгүлө сүйүнүп, чон той өткөрүп, кызынын атын «Тоо–Гүлү» же "Гүлшань" деп коюптур. Татынакай наристеге арнап, Кытай хан кызы төрөлгөн жерине гүл талаага ак сарай курдуруп, айланасын коргондоп, сарай ичин тайгылткан гүлбакчага айлантат. Кызы бойго жетип, артараптан жуучу келе баштайт. Бирок Гүлшанга ылайыктуу күйөө чыкпайт. Гүлшандын сулуулугу бут дуйно жүзүнө таркайт да, кыргыз элинин аксаклдары кенешип олтуруп, кызды кайда тарттырып жиберебиз деп, кытай ханына келишет. Ханга кыргыз элинин меймандостугу, кен пейилдиги, Алайдын жери, суусу, таза абасы жагып, кзына тендеш, акылман, айкол батырын ала келишет. Гүлшань ал жигитти бир коруп жактырып калат. Кара Кытай ханы терен ойлонуп, насаатчы кенешчилери менен жалгыз кызынын оюна макул болушат. Ошентип, тогуздап токту толо мал айдап күйөө-кыз ордого келет. Той күнү дасторкон жайылып, түркүн даамдар менен толот. Ошол учурда Гүлшань дасторкондогу мейизден уучтап алып, оозуна салат. Мейиздин арасында уулу каракурт болгон. Каракурттун уусунан кыз заматта коз жумат. Ааламды карангылык каптап, не кытай ханы, не кудаалар эмне кылаарын билбей, оозунан алдырган куштай абдырап, ичтеринен кайгынын зили каптап олтуруп калган дешет.
Гулшань мекендеген көк булун анын атынан, тилдеги орфогрфиялык өзгөрүүлөрдөн кийин Гулчо деп өзгөргөн.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды. serep.kg. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
- 1 2 Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2023 г.).
| Борбор | Бишкек | |
|---|---|---|
| Мамлекеттик деңгээлдеги шаарлар | Бишкек • Ош | |
| Облустук деңгээлдеги шаарлар | Балыкчы • Баткен • Жалал-Абад • Каракол • Кара-Көл • Кызыл-Кыя • Майлуу-Суу • Нарын • Сүлүктү • Талас • Таш-Көмүр • Токмок | |
| Райондук деңгээлдеги шаарлар | Айдаркен • Базар-Коргон • Гүлчө • Кадамжай • Кайыңды • Кант • Кара-Балта • Кара-Суу • Кемин • Кербен • Көк-Жаңгак • Кочкор-Ата • Ноокат • Орловка • Өзгөн • Раззаков • Токтогул • Чолпон-Ата • Шамалды-Сай • Шопоков | |
| Курулуп жаткан шаарлар | Асман • Кемин сити | |
| Мурдагы шаарлар | Ак-Суу | |