Боз-Караган
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Боз-Караган
|
Боз-Караган — Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу. Гүлчө суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1565 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 7 км батыш тарапта. Ош темиржол бекетинен 80 км. Калкы 1005 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, балабакча, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1005 киши.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.