Жүзүмжан
(Жүзүмжан, Аксы району барагынан багытталды)
Жүзүмжан ― Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кара-Суу айыл аймагына кирет.
Деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен кыштагынан 65 км түндүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 43 км. Калкы 1514 (2007); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5