Мазмунга өтүү

Жалал-Абад облустук китепканасы

Википедия — ачык энциклопедия
Жалал-Абад облустук китепкананын имараты.

Жалал-Абад облустук китепканасы — Жалал-Абад шаарында жайгашкан ири маданий мекеме.

1926-жылдын июль айында Жалал-Абад облустук китепканасы түзүлгөн. Алгачкы аталышы — Коомдук китепкана. Ал кезде китепканада бир гана тейлөө бөлүмү иштеп, фонду 892 нускадагы китептен турган. Окурмандар саны 50–60 чамасында болуп, бир гана кызматкер эмгектенген.

Кийин фондду кеңейтүү жана уюштуруу иштери жүргүзүлүп, жаңы китептер топтоло баштаган. 1938-жылы китепкана Н.В. Гоголь атындагы Жалал-Абад шаардык китепкана болуп кайра түзүлгөн. 1939-жылы 21-ноябрда Жалал-Абад облусу уюштурулгандан кийин китепкана 1959-жылга чейин облустук борбордук китепкана макамын сактаган.

Бул мезгилде балдар бөлүмү ачылып, үч филиал иштей баштаган. Китепкана шаардагы профсоюздук, ведомстволук, коомдук жана мектеп китепканаларына методикалык жардам көрсөткөн. Фонддо кыргыз, өзбек, англис, орус, немец жана француз тилдериндеги 151,9 миң нуска китеп болгон.

1959-жылы Жалал-Абад облусу Ош облусуна кошулган. 1986–1993-жылдары китепкана шаардык борбордук китепкана системасынын (ЦБС) курамында иштеген. 1993-жылдан тартып шаардык борбордук китепкананын базасында кайрадан Жалал-Абад облустук китепканасы түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө китепкананын фондунда 118 350 нуска китеп бар. Окурмандардын саны 14 миңден ашат. Китепканада 16 кызматкер иштейт.

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалал-Абад облустук китепканасы облус аймагындагы 192 китепканага методикалык колдоо көрсөтөт жана кароо-сынактарды уюштуруп келет.

2011-жылга чейин китепкана эл аралык уюмдарга бир нече долбоор жазып, 6 миңге жакын нускадагы адабияттарды жана техникалык жабдууларды алган: 6 компьютер, 2 принтер, 1 көчүрмө аппараты, веб-камера, видеопроектор жана башка шаймандар. 2005-жылдан тартып интернет байланышын колдонуп келет.

Долбоорлордун алкагында райондор жана шаардык китепкана кызматкерлери үчүн семинар-тренингдер өткөрүлгөн. 2007-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо райондук жана Майлуу-Суу шаардык китепканаларында Укуктук маалымат берүү борборлору ачылган. Бул борборлор калкка укуктук маалымат жеткирүүгө көмөк көрсөтүп келет.

  • Абонемент
  • Окуу залы
  • Укуктук маалымат берүү борбору
  • Усулдук бөлүм
  • Комплектөө жана кайра иштетүү бөлүмү
  • «Интернет-китепкана» окуу борбору
  • Балдар китепканасы
  1. №1 филиал — Жалал-Абад шаары, Вокзалный бурулушу
  2. №2 филиал — Жалал-Абад шаары, СМУ шаарчасы
  3. №3 филиал — Спутник кичи шаарчасы
  4. №4 филиал — Тайгараев айыл өкмөтү, Кыргызстан айылы

Жалал-Абад облустук китепканасы 2002-жылдан бери бир катар эл аралык уюмдар менен кызматташып келет. Бул кызматташуунун негизинде китепкананын алдында «Укуктук маалымат берүү борбору» ачылып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат. Ошондой эле эл аралык уюмдардын колдоосу менен Майлуу-Суу шаардык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал райондук китепканаларында да ушундай борборлор түзүлүп, калкка укуктук маалымат берүүдө.

USAID (АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005–2006-жылдары USAID долбоорунун алкагында Жалал-Абад облустук китепканасынын алдындагы Укуктук маалымат берүү борборуна юридикалык адабияттар сатып алынган. Алардын катарында:

  • «Адам укугу»
  • «Жер реформасы»
  • «Адвокаттын жардамчысы»
  • «Нотариустун жардамчысы»
  • «Кыргызстандын сот актылары»
  • «Эмгек мыйзамдары» жана башка маалымат базалары

Бул материалдар облустагы беш райшаардык борборлордо орнотулган компьютерлерге киргизилип, калктын пайдаланылышына берилген.

IREX («Билим берүүдөгү заманбап технология» программасы)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдын 1-ноябрынан 2011-жылдын 1-ноябрына чейин «Санарип жаштардын маеги» долбоору ишке ашырылган. Анын алкагында:

  • 6 компьютер
  • 1 жылдык интернет төлөмү
  • сүрөт камера
  • веб-камера
  • 3 флеш карта
  • семинар материалдары
  • 2 лекциялык плакат жана башка жабдуулар берилген

Долбоордун максаты — 14–24 жаштагы жаштарга интернет аркылуу маалымат алууга, пикир алмашууга жана башка өлкөлөрдүн жаштары менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүү болгон.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги (АКШнын Мамлекеттик департаменти)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылдын апрелинен 2008-жылдын апрелине чейин «Бүгүнкү студент — эртең өз ишинин устаты» долбоору ишке ашкан. Анын алкагында:

  • 7 райшаардык борборго юридикалык адабияттар жана «Токтом-юрист» маалымат топтому берилген
  • 5 аталыштагы гезитке жазылуу камсыздалган
  • 9 көчмө семинар өткөрүлгөн
  • интернет байланышы орнотулган
  • 25 студентке акысыз компьютердик окутуу уюштурулган

Долбоордун жалпы суммасы — 3055 АКШ доллары.

Американын Юристер ассоциациясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2002-жылдын 25-июлунан 30-августуна чейин «Укуктук маалымат берүү борборун ачуу» долбоору ишке ашкан. Борбордун кызматкерлери компьютердик ишке үйрөтүлүп, семинар-тренингдер өткөрүлгөн. Жалпы суммасы — 2000 АКШ доллары.

ARD/Checchi (Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылы Укуктук маалымат берүү борборлорун колдоо максатында:

  • 40 нуска Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин баяндамасы
  • 80 нуска орусча-кыргызча юридикалык сөздүк
  • «Токтом» маалымат топтому

Бул материалдар жаңы ачылган борборлорго таратылган. Юридикалык адабияттарга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн кошумча китептер да сатып алынган.

Евразия фонду

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2002-жылдын 8-июнунан 2003-жылдын 8-июлуна чейин «Пайдалануучуларды укуктук адабияттар жана маалыматтар менен камсыз кылуу» долбоору ишке ашырылган. Алкагында 1 компьютер, «Едвайзер» маалымат топтому, юридикалык адабияттар, интернет байланышы жана кызматкерлердин айлык акысы каржыланган. Жалпы суммасы — 726 АКШ доллары.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы (УВКБ)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылдан тартып качкындар менен иштөө программасы башталган. Анын максаты — Жалал-Абад облусуна келген качкындардын укуктарын түшүндүрүү. Программа тарабынан 1 компьютер, 1 принтер, UPS, юридикалык адабияттар берилген жана семинарлар өткөрүлгөн.

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2006-жылы 141 нуска орус адабияты жана 91 нуска журнал берилген. 2007-жылы «Россиянын адабияты жана маданияты бурчу» уюштурулуп, учурда №3 филиалда жайгашкан.

«Сорос-Кыргызстан» фонду

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 2002–2003-жж. «Укуктук маалымат берүү борборун ачуу» — 1 компьютер, 1 принтер, модем, көчүрмө аппараты, сканер, «Токтом» маалымат топтому жана канцтоварлар. Суммасы — 12 919 АКШ доллары.
  • 2003–2004-жж. «Укуктук маалымат берүү борборун жайылтуу» — юридикалык адабияттар, компьютер, «Едвайзер», «Токтом», факс, интернет, фотоаппарат жана семинар чыгымдары. Суммасы — 5000 АКШ доллары.
  • 2003–2004-жж. «Региондордогу калкты экономикалык маалымат менен камсыз кылуу» — экономикалык адабияттар, басма материалдар, экономист штатына айлык акы жана канцтоварлар. Суммасы — 5000 АКШ доллары.
  • 2004–2005-жж. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу актыларынын маалымат базасын түзүү жана маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү» — «Едвайзер» компаниясы менен биргеликте «БДАМС» базасын түзүү, интернет, реклама жана айлык акыны каржылоо.