Соку-Таш
Айыл
Соку-Таш
|
Соку-Таш — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Кызыл-Туу айыл аймагынын курамына кирет.
ААББТ коду — 41703 220 842 10 0[2].
Аталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылынын аталышы жөнүндө бир канча варианттары айтылат. Айылда сокусу жана ташы болгон. Элдик уламыштар боюнча таштын сокусун 1917-1920-жылдары орус аскерлери сазга ыргытып жиберишкен. Таштын түбүндө алтын бар деген божомол болгондуктан, таштын ордун жылдырып көрүшөт. Бирок таштын сокусун ыргыткан адам өз дарегине жетпей каза болгон. Таштын түбүндө алтын болушу мүмкүн деген кабарды угушуп, башка аймактан 5 адам келет. Алар таштын айланасын түнү менен казып чыгат. 5 адамдын бири молдо болгондуктан түнү менен намаз окуп, куран окуп турат. Алар алтынга жеткиче таң атып, белгисиз себептерден улам бешөө тең ошол жерде жан бергени айтылат. Таш бир аз оодарылып турган абалда он жылдай турган. Андан кийин айылдыктар түлөө өткөрүп, ташты ордуна коюшкан[3].
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]жылы | 2009 [4] | 2014[5] | 2015[6] | 2020 | 2021[1] |
---|---|---|---|---|---|
адам. | ↗ 500 | ↗ 581 | ↘ 571 | ↗ 599 | ↘ 575 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ Народные легенды: История названия села Соку-Таш Сузакского района, связанная с необычным камнем (фото). turmush.kg. Текшерилген күнү 21 Апрель 2022.
- ↑ 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2014). Түп булактан архивделген күнү 5 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2015).