Мазмунга өтүү

Жоон-Күңгөй

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Жоон-Күңгөй
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонСузак району
Айыл аймагыКурманбек айыл аймагы
Координаттар41°09′50″ с. ш. 73°19′54″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1938
Борборунун бийиктиги1480 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы2617[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Жоон-Күңгөй (Кыргызстан)

Жоон-Күңгөй (мурдагы — Архангельский) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Курманбек айыл аймагына кирет.

1938-жылы негизделген.

Райондун административдик борбору — Сузак айылынан 67 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 56 чакырым. Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун боюнда.

Деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан.

Калкы — 2617 киши (2009-жылы)[1], 2007-жылы — 2671 киши, 1986-жылы — 1017 киши.

Калктын негизги чарбасы — пахтачылык, тамекичилик.

Орто мектеп, почта бөлүмү, клуб, китепкана, медпункт, ФАП бар. Соода түйүндөрү, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.