Мазмунга өтүү

Ленин (Сузак району)

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Ленин
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад областы
РайонСузак району
Айыл аймагыЛенин айыл округу
Координаттар41°01′15″ с. ш. 73°03′30″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1951
Борборунун бийиктиги905 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы2461[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Ленин (Сузак району) (Кыргызстан)

Ленин (кырг. Ленин) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбору. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2461 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Лицей, орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер жана башка иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.

Калкы - 2 461 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub