Жар-Кыштак (Сузак району, Барпы айыл аймагы)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Жар-Кыштак
|
Жар-Кыштак — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Барпы айыл аймагынын курамына кирет. Деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 22 км.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1447 киши (2023-жылы)[1]; негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кыштакта белгилүү чабан, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Д. Чойбеков туулган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5