Таш-Кутчу

Википедия дан

Таш-Кутчу, Төш-Кутчу – Жалал-Абад областындагы кыштак. Жалал-Абад шаарынын курамына кирген Тайгараев атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 855 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан жана темир жол станциясынан 6 км аралыкта. Калкы 1572 (2010); негизинен жашылча өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, медпункт бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]